www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында гепатит ооруларын алдын алуу жана республикадагы эпидемиологиялык абал каралды.

Маалыматты Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев тааныштырды. Анын айтымында, 2025-жылы өлкө боюнча курч вирустук гепатиттин 8555 учуру катталган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 21195 учурду түзгөн. Натыйжада оорулуулук деңгээли 2,4 эсеге төмөндөгөн.

Ошондой эле 2026-жылдын 1-январына карата 578 бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалганы маалымдалды.

Талкуу учурунда депутат Жылдыз Эгенбердиева В жана С гепатиттерине скрининг жүргүзүү программасын ыкчамдатуу, ошондой эле тиешелүү реестр түзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ал алгач лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, андан соң эмдөө иштерин уюштуруу керектигин айтты.

Последние новости