www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнү өнүктүрүү, модернизациялоо жана санариптештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында Нарын облусу боюнча 2026-жылы 66,36 чакырым 10/0,4 кВ СИП-2, СИП-3 кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо пландаштырылды.

СИП кабелдерин реконструкциялоо жана жаңы куруу:

• Ат-Башы району — 14 км

• Ак-Талаа району — 6,8 км

• Кочкор району — 14,5 км

• Жумгал району — 6,5км

• Тогуз-Торо району — 7,6 км

• Нарын району - 16,9 км

Бул иштер “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, Нарын облусунун аймагында апрель айынан тартып, октябрь айынын аягына чейин толук аткарылары мерчемделүүдө.

СИП кабелдерин колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул кабелдер аба ырайынын таасирине туруктуу болуп, электр энергиясынын жоготууларын азайтат, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартат жана тейлөө чыгымдарын төмөндөтөт. Мындан тышкары, СИП кабели коопсуздукту арттырып, калктуу конуштарда электр тармактарын пайдаланууну ыңгайлуу жана туруктуу кылат.

Алдыдагы иштер Нарын электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдыгын камсыздоого, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн бекемдөөгө жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “КУЭТ” ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

📞105 (акысыз чалуу),

📞+996 772 001209, 0556 001209

📲 WhatsApp: +996 702 001209

Последние новости