www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча системалуу иш-чаралардын алкагында 2025-жылдын апрель айында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М.А. түрк жараны Х.К.нын ишенимине кирип, 35 500 АКШ долларын ээлеп алганын аныктаган.

Тактап айтканда, Э.М.А. өзүнүн кылмыштуу ниетин ишке ашыруу максатында чет өлкөлүк инвестор менен «Паслен» тукумундагы кымбат баалуу чөп өсүмдүктөрүн (уруктарынын 1 кг баасы 3 000 АКШ долларын түзөт) отургузуу жана өстүрүү, андан ары Түркияга экспорттоо боюнча макулдашып, андан соң жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган.

Мындан улам, 2025-жылдын октябрь айында инвестор КР ИИМге  алдамчылык боюнча милиция кызматкерине карата чара көрүү өтүнүчүндө арыз менен кайрылган. Бирок, чет өлкөлүк инвестордун катышуусунда тиешелүү текшерүү жана тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн, ИИМдин тергөө органдары кызматкердин кызыкчылыгы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.

2026-жылдын 27-январында Түркия жараны бул факты боюнча КР УКМКга кайрылган. Андан кийин прокуратура органдары тарабынан мурда каралган материалдар УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

2026-жылдын 24-февралында Э.М.А. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК мамлекет тарабынан менчикти коргоону камсыз кылуу, инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкердик чөйрөнү түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында укук коргоо жана фискалдык органдардын кызмат адамдары тарабынан ишкердик субъекттеринин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинин сөзсүз түрдө болушун камсыз кылуу боюнча иштер уланып жатканын эскертет.

Последние новости