www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда катаал карантин киргизилди

Германияда бүгүн, 16-декабрдан тарта коронавирус пандемиясына байланыштуу катаал карантиндик чаралар киргизилди.

Өлкөдө вирус жугузуп алуу, анын кесепетинен каза табуу күндөн күнгө көбөйүп жаткандыктан, чектөөлөрдү күчөтүү чечими канцлер Ангела Меркель жана федерал башчылары тарабынан кабыл алынды.

Локдаун 10-январга чейин сакталып, дүкөндөрдү, коомдук тамактануучу жана эс алуучу оюн-зоок жайларды, мектептерди жабуу каралууда. Карантинге байланыштуу жаңы жылдык корпоративдер токтотулуп, 5тен ашык адамдын чогулуусуна тыюу салынды.

Өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер буга чейин алдыда Германия тарыхындагы эң чоң радикалдык чектөөлөр болорун эскерткен.

Германияда акыркы суткада 952 адам коронавирустан көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки максималдуу көрсөткүч катары катталды. Муну менен каза болгондордун жалпы саны 23 427ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости