www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-декабрда видеоконференция режиминде КРнын ИИМдин БМЖКККнын башчысы Б.А. Матмусаевдин жетекчилиги алдындагы делегация БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын   Аймактык программасынын Жетекчилик комитетинин Афганистан жана коңшу мамлекеттер үчүн Тогузунчу отрумуна катышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамына КРнын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү (ИИМ, ТИМ, Башкы прокуратура, МСЭК, Билим берүү министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги) да кирген.

Отурумдун жүрүшүндө БУУнун Афганистан боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга көмөктөшүү боюнча Миссиясынын башчысы Дебора Лайонс өзүнүн арызында Программанын 3-Фазасын мындан ары ишке ашырууну колдоорун билдирген.

БУУнун БКБнын Программасынын негизги максаты катышуучу мамлекеттердин (Афганистан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) компетенттүү органдарынын баңгизаттары көзөмөлдөөгө, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын, кадрдык дараметин чыңдоодо колдоо көрсөтүүгө байланыштуу маселелер боюнча эл аралык жана аймактык кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.

Аталган отурумдун жүрүшүндө катышуучулар 2019-2020-жылдардагы жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыгына оң баа берип, 2021-жылга иш-чаралар планын талкуулашкан.

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Б.А. Матмусаев эл аралык жана аймактык кызматташтык баңгизаттары мыйзамсыз жүгүртүүнүн жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн текшерилген жана маанилүү элементтери бойдон калууда экендигин белгилеп, Кыргыз Республиксы Аймактык программанын 3-Фазасынын алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирген.

Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары төмөнкүлөр:

1. Укук коргоо органдарынын аймактык кызматташтыгы;

2. Укуктук маселелер боюнча эл аралык/аймактык кызматташтык;

3. Аярлуу топтор арасында баңгизаттардан көз карандылыкты дарылоо жана алдын алуу;

4. Тенденциялар жана талдоо.

Мындан сырткары Программанын алкаганда дайыма атайын операциялар өткөрүлүп турат:

1. «Рефлекс» операциясы, жаңы психикалык активдүү заттарды жана синтетикалык баңгизаттарды жайылтууга каршы аракеттенүүгө багытталган;

2. «Подмена» операциясы – химиялык заттарды-прекурсорлорду жайылтууну жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүнү алдын алуу боюнча.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости