www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлиги жоюлабы?

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев үрөнчүлүк чарбасы боюнча маселе көтөрдү.

«Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жоюш керек деген көп сөздөр бар. Бул сөздөр министрликтен жыйынтык жок болуп жаткан үчүн айтылып жатат.

Мисалы Транспорт жана жолдор министрлиги мынча жол курулду деп жыйынтык берет. Үрөн чарбачылык боюнча биздин дыйкандарга жаңычылык көрсөтө алсаңар жыйынтык болот. Жаңы ыкмалар пайда болду деп мактана аласыңар. Үрөнчүлүк чарба базасында иш алып барыңыз», - деди ал.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бул боюнча иш алып барып жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости