www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Ошентип 15-декабрда аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98 беренесинин негизинде, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалып, КРнын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости