www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иса Өмүркулов: «Токой чарбалар каралбай калды»

Бүгүн, 16-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору каралды.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Токой кодексин эффективдүү ишке ашырууну жана колдонууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Иса Өмүркулов дүйнөдө аба ырайы жана жаратылышка байланышкан көйгөйлөр көбөйүп жатканын белгилеп: «Биз токой чарбасын сактап калышыбыз керек. Өкмөт өлкөдөгү табигый жагдайды эске алуу менен токой чарбаларын өнүктүрүшү зарыл. Анткени, токой чарбалар каралбай калды. Чек аралары белгисиз, натыйжасыз бириктирилип калган чарбалар да бар», - деди.

Ал эми депутат Улугбек Садиков Кытай мамлекети тоолордун баарын токойго айлантып жатканына токтолуп: «Жаратылышыбызга ылайыктуу дарактардын көчөттөрүн даярдап, айыл өкмөттөргө таратып берип, аларды өстүрүү милдетин ошолорго жүктөсөк жакынкы аралыкта эле көптөгөн жерлер токойго айланмак» - деп кошумчалады.

Ошондой эле төраганын орун басары Мирлан Бакиров Токой фондуна тиешелүү талаштуу жагдайлар бар экенин билдирип, тармакта реформа жүргүзүлүшү зарылчылыгына токтолду.  

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости