www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган адамдарды актаган Тоң районунун судьясы Сабыр Соодонбеков бир кезде өзү мектеп окуучусун зордуктаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, судья тарабынан зордукталган 9-класстын окуучу эркек бала төрөгөн.
«Менин билдирүүмдү генпрокурорго расмий кайрылуу катары кабыл алып, каттооңуздарды өтүнөм. Мен кокусунан бул сот өзү дагы Түптө 9-класстагы кызды зордуктап, ал кыз төрөгөнүн билип калдым. Аны тез арада камакка алып, иликтөөнү башташ керек. Азырынча адамдар ачык кайрылуудан коркушууда», – деп жазган депутат.
Эске салсак, 11-декабрда Тоң райондук соту 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актады. Бир гана айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок далилдер болгондугуна карабастан, сот ага жеңил беренени колдонуп, жазасын жеңилдеткен. Кыздын туугандары анын эки жылдан кийин эле эркиндикке чыгып кетет деп нааразы.
Кыргызстандыктар социалдык тармактарда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун 13 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актаганы боюнча териштирүү жүргүзүүнү талап кылышууда.
Булак: NazarNews.kg