www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Ангела Меркел орус өкмөтүнөн Алексей Навальныйды ууландыргандарды таап, аларды жоопко тартууну өтүндү. Бул тууралуу tarjumon.uz сайты кабарлады.

Владимир Путиндин кескин сынчысы Навальный өткөн жумада оор абалда Сибирдеги ооруканага жаткырылды. Ал Германияга дарылануу үчүн 22-августта жеткирилген.

Орус өкмөтү Навальныйдын кырдаалга эмне себеп болгону белгисиз экендигин айтып, алдын-ала тергөө амалдары анын ууланбаганын көрсөттү деп кошумчалаган.

Бирок, Навальныйды Берлинде дарылап жаткан немис дарыгерлеринин айтымында, Навальныйдан алынган анализдерде уулануу белгилери байкалган.

"Навальный Россиянын көрүнүктүү саясий оппоненти болгондуктан, орус өкмөтүнөн кылмышты акыркы деталдарына чейин иликтөөнү жана бул иликтөөлөрдү толугу менен ачык кылууну суранабыз. Муну жасагандар аныкталып, сот жообуна тартылышы керек"? -  деди Меркел билдирүүсүндө.

Берлиндеги Charite ооруканасынын дарыгерлери Навальныйга кылдат текшерүү жүргүзүп, анын ууланганын тастыкташты. Бирок россиялык медициналык эксперттер Германиянын дарыгерлеринин мындай диагноздорго каршы болуп, өткөн жумада Омск шаарынын ооруканасына жеткирилгенде андан эч кандай токсин табышпагандыгын айтышкан.

Алексей Навальный он жылдан ашуун убакыттан бери азыркы бийликти сындап келет. Ал бир нече жолу коррупцияга каршы нааразычылык акцияларын уюштургандыгы үчүн камакка алынган. Ошондой эле ага 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышууга тыюу салынган.
 
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости