www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Берлинде аккредитацияланган 30дан ашык орус дипломаттарын персона нон грата деп жарыялоону пландоодо. Бул тууралуу «Фокус» гезити 25-мартта Тышкы иштер министрлигиндеги булактарына таянып жазып чыкты.

Белгиленгендей, Германиянын коопсуздук күчтөрү орус дипломаттары өздөрүнүн кызмат абалынан мыйзамсыз түрдө саясий, экономикалык, аскердик жана илимий маалыматтарды диверсия жана жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланышкан деп эсептейт. Германиянын өкмөтү да дипломаттарды өлкөдөн чыгаруунун кесепеттерин билет. Ошондуктан бул качан ишке ашары азырынча белгисиз.

Маалыматка ылайык, Германиянын өкмөтү өткөн жылдын декабрында Федералдык чалгын кызматынын кызматкери Карстен Л. камакка алынгандан кийин, тергөөнүн маалыматы боюнча, Германия атайын кызматтарда коопсуздук чараларын олуттуу күчөтүүнү чечкен. Германияда HIMARS жер-аба ракеталык системаларынын жана IRIS-T абадан коргонуу системаларынын Украинадагы позициялары тууралуу орус тарапка маалымат берүү аракети көрүлдү. Бул окуя НАТОнун өнөктөштөрүн Берлинге жашыруун маалыматтарды берүүнү убактылуу чектөөгө алып келди. Германиянын коопсуздук күчтөрүнүн эсебинде азыр өлкөдө 160ка жакын орусиялык чалгынчы бар.

Маалыматка ылайык, Карстен Л. өзүнө тагылган айыптар боюнча унчукпай жатат. Ал Федералдык чалгын кызматынын аналитикалык бөлүмүндө иштеген. Шектүү башка Батыш чалгын агенттиктери тарабынан Германиянын чалгындоо кызматы менен бөлүшүлгөн жашыруун маалыматтарга ээ болгон.

Ошондой эле, дагы бир шпион Артур Э. Үстүбүздөгү жылдын 22-январында ал мамлекеттик чыккынчылыкка жана Орусиянын атайын кызматы менен байланышка шектелип камакка алынган. Германиянын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, Карстен Л. жашыруун маалыматтарды алган жана Артур Э. жана аларды Россияга «жеткирип» беришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин Эстониянын Тышкы иштер министрлиги орусиялык дипломаттардын бирин өлкөнүн "коопсуздугуна жана конституциялык түзүлүшүнө шек келтирген" аракеттеринен улам өлкөдөн чыгаруу чечимин жарыялаган.

Алибек Бейжанов, Ташкен

Булак: NazarNews.kg

Последние новости