www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 АКШ Украинадагы чатакты 2014-жылдагы Евромайдандан кийин эле улам тутандырып, колдоп баштагандыгын Германиянын Социал-демократтар партиясынын мурдагы төрагасы Оскар Лафонтен Deutsche Wirtschafts Nachrichten менен болгон маегинде айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"АКШ жана анын вассалдары Украинаны куралдандырып, Киевге системалык түрдө айтып жатып, Россия менен каршылашууга алып барып такашты. Анын кесепетинен Украина де-юре эмес, де-факто НАТОнун мүчөсү болуп калды. Бул нерсени батыш саясатчылары менен бир катар ЖМКлар тоготуп, эске алган да жок", — деген ал.

Саясатчынын пикирине караганда, Вашингтон Евробиримдик менен Россиянын ортосуна от жакканга, аны менен катар эле Германияны баш кылып геосаясий каршылаш катары четке сүрүп салууга жетишти. Лафонтен Америка эми ЕБдин саясатын аныктоого мүмкүнчүлүк алганын кошумчалады.

"Алар өздөрүнүн болбогон сланец газынын соодасы, аны менен катар эле Американын коргонуу өнөр жайы менен гүлдөп жатат", — деген ал.

Лафонтен бирок башка жагынан алып караганда Вашингтондун Россияга карата пландары толук ишке ашпай калгандыгын белгиледи.

"Менде АКШ өзүнүн мүдүрүлгөндүгүн байкай баштагандай сезим калды. Украинага көп сандаган куралды, бир топ аскер кеңешчилерин жөнөтүү менен өзөктүк держава болгон Россияны согуштук жол менен тизелетүүгө мүмкүн эмес болуп чыкты. Аны менен катар эле антироссиялык санкциялар Батыштын өзүнө бумеранг болуп тийди", — деп сөзүн жыйынтыктаган мурдагы төрага.

Россия 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада атайын операциясын жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Андан сырткары башкы максат Донбассты бошотуу жана коргоо болгону айтылып келет.

Бул окуялардан улам Батыш санкцияларын Москвага үстөккө-босток сала баштады. Бирок бул аталган аймактын өзүнүн башына таяк болуп тийип, отун ресурстарынын баасы кымбаттап, инфляция рекорддук көрсөткүчтү чапчыды.

Путин Россияны алсыратууну Батыш мурдатан эле ойлонуп келгендигин, ал эми антироссиялык кадамдар дүйнө экономикасына болуп көрбөгөндөй сокку ургандыгын белгиледи. Мамлекет башчынын айтымына караганда, муну менен Россиянын финансылык туруктуулугу аксаган жок, ал эми Батыштын өзүнө санкциялардын азабын тартууга туура келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости