www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия 2025-жылы суюлтулган табигый газ (СТГ) сатып алууну кескин көбөйтүп, АКШдан 101 тераватт-саат импорттогон. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 60%га көп.
Маалыматка караганда, импорттогон СТГнын дээрлик 96%ы АКШдан келет. Башкача айтканда, Германиянын импорттогон СТГ дээрлик толугу менен америкалык болуп калды. Бул жагдай өлкөнүн энергетикалык импорту бир гана негизги жеткирүүчүгө көз каранды болуп калганын ачыктады.
Экологдордун айтымында, мындай көз карандылык Германиянын энергетикалык көзкарандысыздыгына коркунуч келтирет. Мурда да бул маселеге байланыштуу сын айтылып келген. Берлиндеги Ecologic изилдөө институту жана башка Европа борборлору жакында жарыялаган отчетто Германиянын АКШга көз каранды болушу саясий жана экономикалык басымга алып келери белгиленген.
Булак: NazarNews