www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Украинанын жардамы менен Орусияны Батыштын стратегиялык алдыга жылышына тоскоол болбошу үчүн алсыраткысы келет, деп жазат Junge Welt. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

«АКШ Украинага акча жана курал-жарактарды айдап, өлкөнү Батыштын финансылык колониясына айлантып жатат.

Украинанын азыркы өкмөтү бул ролдо абдан ыңгайлуу, анын өкүлдөрү азыртадан эле НАТОго кайрадан кирүү тууралуу айта башташты», - деп жазат автор.

«Вице-премьер-министр Ольха Стефанышина испаниялык гезитке Киев НАТОго мүчө болуу максатын карманарын айтты. Натыйжада Орусия менен жакын көрүнгөн келишимди украин тарап четке какты», — деп белгиленет макалада.

«Ал эми АКШ болсо Украинага курал берип, аны мындан ары да каршы турууга үндөп, өз кызыкчылыгын коргоп жатат, анткени азыр алардын тармагы чоң заказдарды алып жатат», - деп жыйынтыктады журналист.

Украина 2014-жылы декабрда блокко кирбеген статусунан баш тартып, андан кийин Евробиримдикке жана НАТОго кирүү курсун Конституцияга киргизген. Азыр ал альянстын өркүндөтүлгөн өнөктөшү статусуна ээ, бирок толук кандуу мүчө болууну талап кылууда.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости