www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Немис армиясынын отставкадагы бригадалык генералы жана Германиянын мурдагы лидери Ангела Меркелдин кеңешчиси Эрих Вад Украинаны орус куралдуу күчтөрүнүн күчү кандай толкунда бара жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эксперт мындай билдирүүнү Украинаны демилитаризациялоо жана деназиялаштыруу боюнча атайын аскердик операциянын алкагында жасады.

"Орустар өтө күчтүү: алар жерде жана абада өтө чоң артыкчылыкка ээ", - деп айтылат маалыматта.

Ал ошондой эле расмий Киев Донбассты аскерий жол менен кайтара албайт деген ишенимин билдирди.

Вад белгилегендей, Украинанын чыгышындагы окуялардын өнүгүшүн Орусия гана аныктайт.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости