www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Кыргызстан менен мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Германиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен Deutsche Welle жазып чыкты.

Ушундай эле сүйлөшүүлөр Грузия, Молдова, Кения, Колумбия жана Өзбекстан менен «миграциялык өнөктөштүктүн» алкагында жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

"Борбор Азиянын эки өлкөсү менен сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылды. Өзбекстан менен майдын башында, Кыргызстан менен сентябрдын аягында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган", — деп жазат басылма.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Deutsche Welleге билдиргендей, кеп мыйзамсыз качкындардын санын кыскартуу жана ошол эле учурда Германияга мыйзамдуу иммиграция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө болуп жатат. Ошол эле учурда федералдык өкмөттүн Индия менен даяр миграциялык келишими бар.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 28-29-сентябрда Германияга федералдык канцлер Олаф Шольцтун чакыруусу менен барган. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосунда миграция жана мобилдүүлүк маселелери боюнча ниет декларациясына кол коюлган. Кыргыз тараптан документке тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости