www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антиорусиялык санкциялардан улам Евробиримдиктин ынтымагы ыдырай баштады. Бул тууралуу Германиянын экономика боюнча вице-канцлери, министр Роберт Хабекке шилтеме берип Reuters агенттиги билдирди.

Министр мындай көрүнүш мунай эмбаргосун жарыялоо жана Орусиянын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу планын талкуу кылчу Европа лидерлеринин саммитин утурлай башталганын айтты. Иш-чара бүгүн, 30-майда башталды.

"Европа бириккенде кандай болорун көрдүк. Саммитте дагы дал ошондой ынтымак болот деп үмүт кылам. Бирок азыр бул биримдик бузула баштады", — деди Хабек.

Ал немец өкмөтүн ичтен бөлүнүп интрига жараткандан көрө саммитке бирдиктүү позиция менен барууга үндөдү. Министр Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө дагы дал ушундай өтүнүч менен кайрылды.

Бир күн мурда Хабек Германия Украинага курал жагынан жетиштүү жардам берип жатканын, бирок Берлин Киевдин ар бир талабын аткара албай турганын айткан.

Германия башка Батыш өлкөлөрү сыяктуу эле Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Орусияга каршы санкциялардын киргизилишинен улам оор экономикалык көйгөйлөргө дуушар болду. Мисалы, учурда энергиянын баасынын өсүшү жана инфляция элди кыйнап турган кези.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости