www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Украинага 2024-жылы бекитилген акыркы аскердик жардам пакеттеринин бирин жөнөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Борис Писториус Deutsche Welleнин Киевдеги кабарчысына билдирди.

Немис министринин айтымында, бул пакеттин алкагында Киев Леопард 1А5 негизги танктарын, Мардер жөө аскерлеринин согуштук машиналарын, БТР жана башка куралдарды алат.

Ал кошумчалагандай, учурда жеткиликтүү болгон Leopard 2A4 танктары Украинага жеткирилген.

Борис Писториус ошондой эле Польша, Франция, Италия жана Улуу Британия менен АКШда бийлик алмашкандан кийин Украинага аскердик жардамды көбөйтүү маселесин талкуулап жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 14-январда Германиянын коргоо министри Борис Писториус Киевге барып, орус баскынчылыгынын мизин кайтарууда мындан аркы аскердик жардам көрсөтүү боюнча украин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү маалымдалган.

Последние новости