www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын финансы министрлигинин маалыматына караганда мындай тоңдурулган каражаттарга жеке жана юридикалык жактардын эсебиндеги эле акчалар кирбестен Россиянын Борбордук банкынын эсептери кошо тоңдурулду.

Бул иш-чара Евробиримдик тарабынан Россияга киргизилген санкциялардын алкагында жүрүп жатат. Украинада согуш башталгандан бери жалпы тоңдурулган россиялыктардын активдери 5.32 млрд долларды түздү. Бул каражаттардын ичинде россиялык олигархтардын да сакталган акчалары бар, бирок алар ачык айтылган жок.

Германия финансы министрлигинин алдында түзүлгөн Санкцияларды аткаруу боюнча Башкы башкармалык жигердүү иштеп баштады. Азырынча курамы 36 адамдан турган башкармалыкта кошумча жумушчу орундары кеңейип,  жаңы адистер жумушка тартылышы күтүлүүдө. Активдердин идентификациясы сыяктуу приоритеттүү тармактарды камтыган структуралар да түзүлүшү мүмкүн. Өткөн жылдын декабрында кабыл алынган Германиянын "Санкцияларды аткаруу жөнүндө" Мыйзамынын алкагында тоңдурулган активдердин реестри түзүлүш керек эле,  бирок ал кечеңдеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости