www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын Баден-Баден шаарында Rizzi ресторанынын кожоюндары Орусиянын Украинага каршы согушунан улам орустарга жолдогон видео кайрылуусу үчүн украиналыкты жумуштан кетирди. Бул тууралуу MIGnews.com жазды.

«Жергиликтүү Rizzi ресторанында иштеген Игорь Голод Орусиянын Украинага каршы согушунан улам орустарга багытталган видео кайрылуусу үчүн иштен алынган. Алдын ала маалым болгондой, ресторандын жетекчилиги орус аскерлеринин агрессиясынын натыйжасында миңдеген курман болгон украиналык жарандар, жүздөн ашуун набыт болгон бала, ондогон толугу менен талкаланган шаарлар жөнүндөгү чындыкты жактырган жок. Ошол себептен жумуштан кетирген», - деп жазган ал.

Анын айтымында, Украинанын Тышкы иштер министрлиги жумуштан бошотулган Украинанын жаранына кам көрүп жатат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости