www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда жаңы өзгөчө мыйзам долбоору даярдалды

Германиядагы үч тараптуу коалициялык өкмөт жаңы жарандык мыйзам долбоорун макулдашты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, мыйзам долбоору мыйзамдашса, өлкөдө жашаган түрктөрдүн кош жарандуулугу үчүн жол ачат.

Буга ылайык, Германиянын жарандыгын алууну каалагандардын 8 жылдык милдеттүү жашоо мөөнөтү 5 жылга чейин кыскартылат. Германиянын жашоо шартына көнүү үчүн өзгөчө аракет кылгандар үчүн бул мөөнөт 3 жылга чейин кыскарышы мүмкүн. Ошол эле учурда чет өлкөнүн жараны болгондор Германия жарандыгынан ажырайт деген жобо да жоюлат.

Ата-энесинин бири Германияда 5 жыл мыйзамдуу жашаган болсо, өлкөдө төрөлгөн чет элдик балдар Германиянын паспортун ала алышат. Германияда төрөлгөн балдар ата-энесинин жарандыгын сактап, кош жарандуулукка ээ боло алышат. Мыйзам долбоорунда 1974-жылдын 30-июнунан 1990-жылдын 13-июнуна чейин Германияга барган «мейман жумушчулар» үчүн жоболор да камтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости