www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канцлер Олаф Шольц Германия өкмөтү Украинага 5 миң каска менен бирге түнкү көрүүчү аппараттарды жөнөтүү боюнча маселени карап чыгабы деген суроого: "Биз кризистик аймактарды курал менен камсыз кылбайбыз жана Украинага курал бербейбиз. Менден мурунку жетекчи да ушундай кылган. Бул чындык болгон жана ушул бойдон кала берет", - деп жооп берди.

Мындан сырткары, канцлер Олаф Шольц - Украина кризисинде шериктештер менен так стратегияны карманаарын белгилеп, Европа Биримдиги (ЕБ) жана АКШ менен координацияда болуу маанилүү экенин белгиледи.

Кризистик абал бар экенин айткан Германиянын премьер-министри Европада согуштун алдын алуу үчүн жоопкерчиликти сезип жатканын баса белгилеп, баардык чаралар жекече каралаарын айтты.

"Түндүк Агым 2" газ кууру Орусияга каршы санкциялардын арасында барбы деген суроого Шольц: "Бизде конкреттүү даярдыктар бар. Мүмкүн болгон санкциялар боюнча Евробиримдиктеги союздаштарыбыз жана АКШ менен тыгыз сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Булар абдан кеңири жана өтө катаал санкциялар болот", - деди канцлер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости