www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Олаф Шольц 21-майда Түштүк Кореяга келип, президент Юн Сук Ёль менен жолугушат. Бул тууралуу "Ронхап" агенттиги Германиянын жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Шольц сапарын Хиросимадагы G7 саммитине катышкандан кийин жасайт.
Иш сапар учурунда Шольц алгач Түштүк жана Түндүк Кореяны бөлүп турган демилитаризацияланган аймакка барышы күтүлүүдө. Андан соң Түштүк Кореянын президенти менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Германиянын канцлерин анын жубайы Бритта Эрнст коштойт.
Шольц Ангела Меркел 2010-жылы Чоң жыйырмалыктын саммитине катышуу үчүн баргандан кийин 13 жыл ичинде Сеулга келген биринчи немис лидери болот. Ал ошондой эле мурдагы канцлер Гельмут Коль 1993-жылы келгенден бери 30 жыл ичинде Сеулга өлкөнүн президенти менен эки тараптуу жолугушуу үчүн келген биринчи Германиянын канцлери болот.
Буга чейин "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү Хиросимадагы саммитте "экономикалык мажбурлоого" каршы биргелешкен аракеттерди жарыялоо менен Кытайга белги берүүнү көздөп жатканы белгилүү болгон.
“Чоң жетиликке” мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусу Хиросимада 19-21-май аралыгында өтөт.
Булак: NazarNews.kg