www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын Тышкы иштер министри Түштүк Африка Республикасын Украина тарапка өтүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттар жазып чыкты.

Түштүк Африка Республикасына боло турган иш-сапарынын алдында Германиянын Тышкы Иштер министри Анналена Бербок "Нельсон Манделанын өлкөсүнүн добушу эл аралык аренада маанилүү жана Россиянын Украинага кол салуусунда бейтарап позицияда турганы туура эмес" деген пикирин билдирди. 

Анналена Бербок 27-июнда өзүнүн коллегасы Наледи Пандор менен Преторияда жолугушмакчы. Анда Россия менен болгон мамиледеги позиция талкууланат. 

Расмий Түштүк Африка Республикасы орус-украин чатагында бейтарап позицияны кармаша тургандыгын билдирген. Июндун башында өлкөнүн президенти Сирил Рамафоса Киевге жана Санкт-Петербургга тынчтык миссиясы менен барып келген.

Белгилей кетсек, август айында ТАРда БРИКСтин саммити өтүп, анын ишине катышууга Россия президенти Владимир Путин да чакырылган.  

Бирдиктүү валюта чыгарып, АКШ долларынан баш тартуу демилгеси менен чыгып жаткан  БРИКС уюмунун аброю Эл аралык аренада артып баратат. Германиянын Тышкы Иштер министри Анналена Бербоктун мындай кырдаалда ТАРдын позициясын өзгөртөм деген аракети суу кечпей калчудай.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости