www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маек берип, гимнди өзгөртүүгө байланышкан суроого жооп берди.

— Учурда мамлекеттик гимнге байланыштуу талкуу ЖМКда да, социалдык тармактарда да кызуу жүрүүдө. Бир бөлүгү башка иш калбай калдыбы, кереги жок дешсе, бир бөлүгү ооба, чын эле алмаштырып койсо болот дешүүдө. Гимнди өзгөртүш керек деген маселе боюнча сиздин пикирди билсек?

«Өзгөртүп койсок жакшы эле болот. Жаңылап койсок анын эмнеси жаман? Азыркы гимнибиз 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылган. Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде гимн жазгандар кубаныч менен толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү. Биз мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби?

Ошондуктан эми өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун? Албетте азыркы гимнибиз дагы унутта калбайт. Биринчи гимнибиз катары архивде тарых болуп кала берет. Тууну оңдоп коёлу дегенде да айрым демогог, популисттер каршы чыгышты эле. Азыркы туубуз жаман болдубу? Мурдагы туудан бир тепкич өйдө болду. Мурдагы туубуздагы күндүн белгиси же күн карама эмес, же «пилораманын» арасы эмес түшүнүксүз эле белги болчу. Азыркы тууну көргөн адам дароо эле күндүн нуру экенин түшүнөт. Жаркырап турат»,- деди ал.

Последние новости