www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нацисттик лидер Адольф Гитлерге таандык экени болжолдонгон саат АКШда аукциондо 1,1 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Independent гезитинин кабарына таянып, трт.нет жазып чыкты. 

Саат өлкөнүн Мэриленд штатындагы Чесапик шаарындагы «Александр» тарыхый аукцион үйүндө сатыкка чыгарылды.

1933-жылы Гитлерге туулган күнүнө белекке берилгендиги болжолдолгон саат аукциондо 1,1 миллион долларга сатылган. 

Аукцион үйүнүн маалыматы боюнча, француз аскерлери саатты 1945-жылы Гитлердин Бавария Альпыларындагы Бергхоф тоосунан «сувенир» катары сатып алышкан.

Үстүндө свастика жана  AH баш тамгалары жазылган сааттын Хубер бренди экендиги билдирилди. Бир тараптан аукциондон мурда еврей лидерлер аукцион үйүн айыпташты.

Последние новости