www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда өгөй кызын зордуктаган жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө танясак, 8-февраль күнү Кара-Буура РИИБне 1982-ж.т. А.Н. арыз менен кайрылган. Анда биринчи никеден төрөлгөн 2009-ж.т. кызын Ж.Т.ны учурдагы жолдошу күч колдонуу менен зордуктап, анын 26 жумалык боюнда бар экенин билдирген.

Аталган факты РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, учурда 1977-жылы туулган Көк-Сай айылынын тургуну шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Кара-Буура РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости