www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Гүлкан Сакиновна, сиз өткөн чакырылышта социалдык саясат комитетин жетектегенсиз, бул маселени ийне-жибине чейин терең билесиз. Өкмөт сунуштап жаткан пенсиялык реформа боюнча оюңуз кандай?

- Пенсиялык реформалоо маселеси мындан эки-үч жыл мурда эле коюлуп башталган. Менин көз карашымда, реформа – бул өтө чоң маселе. Мен талкууда да айттым, буга чоң каражат керек. Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева өзү деле мен айтып жатканда макул болуп турду. Вице-премьер тараптан өткөн чакырылыштын депутаттарына бир аз сын пикир да айтылып кетти, “мурдагы депутаттарга да киргизилген бул сунуш, бирок колдоо тапкан эмес” деген мааниде.

Мен реформаны колдойм. Жарандарыбыз жакшы пенсия алса, ким каршы болот? Баары колдойт. Мен деле мына, пенсиялык куракка келип калдым. Пенсияга жакшы акча менен чыксам дейм. Өткөн чакырылыштын депутаттары деле аны кабыл алып берүүгө кудерети жетмек. Бирок, жогоруда айткандай, келип эле такалып жатканы – бул каржы маселеси.

- Сиз пенсияны көбөйтүү жагын айтып жатасыз да. Бирок, талаш-тартышты жараткан, коомчулукту нааразы кылган – бул пенсияга чыгуу курагынын узартылганы, иштеген пенсионерлерге пенсия төлөбөө сунушу болууда.

- Ошон үчүн биз парламенттик угуу өткөрдүк. Коомчулуктун да, министрлер кабинетинин да пикирин угуп, баарына алгылыктуу бир чечим кабыл алыш керек. Бирок, дагы бир жолу айткым келет, пенсиялык реформа зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости