www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Facebook'та «Халифат куруп, теңирчилерди кырабыз» деген күмөндүү аккаунттар ырчы Гүлнур Асанованы колдоп жатканы коомчулукту кооптондурууда», - деди бүгүн, 30-майда NazarNews маалымат агентигине философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таанучу Гүлзат Аалиева.
- Саламатсызбы, Гүлзат айым! «Ишеним» жана «дин» деп аталган түшүнүктөр бар эмеспи. Ушул түшүнүктөр жаатында Сиздин пикириңизди уксак...
- «Ишеним» (вера) жана «дин» (религия) деп аталган түшүнүктөр өз ара жакын болуп көрүнгөнү менен алар тең маанилеш түшүнүктөр эмес. Аны төмөнкүдөй жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм:
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына;
- Сокулук (батыш) тараптан,
- Токмок (чыгыш) тараптан,
- Беш-Күнгөй (түштүк) тараптан,
- «Дордой» базары (түндүк) тараптан келсе болот.
Алар Ала-Тоо аянты Бишкек шаарынын борборунда жайгашканына ишенишет (вера) жана алардын ар биринин Ала-Тоо аянтына алып келчү туура навигациясы бар.
Дал ошол сыңары, кудурети күчтүү Жараткан жана Жаратканга болгон ишеним (вера) бирөө гана. Дүйнө элдери өздөрүнүн тарыхый калыптанган
- каада-салты,
- нарк-насили жана
- үрп-адаты менен Жаратканга жакындоо жолдорун иштеп чыгышкан. Ошол жолдордун ар биринин өз чындыгы бар. Ошол себептен, Мухаммед пайгамбар 622-жылы мусулман жамаатынын алгачкы Конституциясы катары МЕДИНА КЕЛИШИМИН кабыл алган.
Пайгамбар өзү кабыл алган Медина келишими боюнча «Аллах;
- баардык элдерди,
- ошол элдердин тилин,
- ошол элдердин каада-салтын тең укуктуу жана тең баалуу кылып жараткан».
Демек, заманбап Кыргызстандагы дин таратуучулар сымал дүйнөнүн айрым элдерин «каапыр», «мушрик» ж.б. деп атап, алардын тарыхый ишеними менен каада-салтын келекелөөгө эч кандай укугу жок.
Качан гана, айталык, Сокулуктан келчү жолду «туура жол» катары мыйзамдаштырып, башка жактан келчүлөрдү Ала-Тоо аянтына атайылап Сокулук аркылуу алып келе баштаганда ишенимдин (вера) ордуна дин (религия) жаралат.
Жалгыз Жараткандын дини (религия) жок, бирок, диндер көп. Анткени, Эшмат ойлоп чыккан динди Ташмат каттоодон өткөрүп, укуктук талаага киргизип коет. Ошол себептен,
- бир Аллахка,
- бир Куранга,
- бир Мухаммед пайгамбарга
таянган ислам дини өз ара 73 агымга ажырап кеткен.
- Салттуу ислам менен радикалдуу динчилердин ортосундагы айырмачылык тууралуу да маалымат бере кетсеңиз
- Баарыбыз билгендей, ХV кылымда Жуңгар хандыгына, же калмак баскынчыларына каршы бирдиктүү күрөшүү үчүн, чачыранды кыргыз урууларын бириктирүү максатында Тагай бий атабыз ислам дининин ханафи масхабын кабыл алганы – тарыхый чындык. Ошол себептен, Тагай бий атабыз Мухаммед Кыргыз деген лакап атка (псевдонимге) конгон.
Ислам дининин суннизм багытындагы башка агымдардан айырмаланып, ханафи масхабы урф (жергиликтүү элдин каада-салты) деп аталган укуктук принципке ээ. Ошол себептен, Тагай бий атабыз ислам дининин ханафи масхабын төмөнкүдөй 2 шарт менен кабыл алган:
1. Кыргыз эли ислам дининин улуттук салтты жерибеген ханафи мазхабын кабыл алат жана өзүн мусулман деп тааныйт;
2. Ошол эле мезгилде кыргыз эли арабдарды сокур туурабайт жана өзүнүн этникалык каада-салттарынан баш тартпайт.
- Соңку убакта радикалдуу динчилдер менен алар тарабынан «теңирчи» атыккан светтик көз караштагы жарандарыбыз соцтармактардан катуу каршылашууда. Ушул жаатта Сиздин көз карашыңыз кандай?
Ооба, бүгүнкү күндө жалпы кыргыз коомуна ханафи мазхабынын принциптери эмес, улуттун уникалдуу идентификациясын жер менен жексен кыла жоготуп, этноцидге (улут курутка, же улуттун социалдык эс-тутумунан ажыратууга) багыт алган, ошондой эле шариат мыйзамдарына таянган халифат курууну максат кылган радикалдуу исламдын ар түркүн агымдарын таңуулоо үстөмдүк кыла баштады.
Сөздү «теңирчи» деген түшүнүктөн баштасак. Кыргыз тарыхында да, фольклордук булактарда да, этнографиялык маалыматтарда да «теңирчи» жана «теңирчилик» деген сөздөр жок.
Эреже катары, Аллахка ишенген кишини «аллахчы» дебейт, аны «мусулман» дейт. Аллахка ишенген динди «аллахчылык» дебейт, аны «ислам» деп жаташат.
Дал ошол сыңары,
- кайып дүйнө (трансцендентный духовный мир) менен
- 72 миң ааламдан турган жарык дүйнөнү (материальный, физический мир) жасаган Жараткан Теңирге ишенген кишини «теңирчи» дебейт, аны «кыргыз» дейт.
Теңирге ишенүүнү «теңирчилик» дебейт, аны «кыргызчылык», же «Теңир ишеними» деп аташат. Ошентип, кыргыз тилинде жападан жалгыз Жараткандын аты - Теңир. Кыргыз элинин руханий маданиятынын туу чокусу болгон «Манас» эпосунда жалгыз Теңирге сыйынган жана Көкө Теңирге ант (присяга) берген Манас атабыз менен анын кырк чоросу төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Кийген тону көк темир,
Сыйынганы – бир Теңир (караңыз: Орозбаков С. Манас. 3–китеп. 138-бет).
Эсиңиздерде болсун: кыргыз тилинде көптүктү билдирген «теңирлер» деген түшүнүк жок.
«Теңирчи» деген жасалма терминди дин таратуучу Абдышүкүр Нарматов тарыхый-географиялык факторлордон улам ислам дини жетпей калган Нарын областынын элин атайы максатта кордоо үчүн ойлонулуп чыгарылган. Айтсак, «Теңирчилер уккула» деген видео материалда Абдышүкүр Нарматов аттуу жаран тарыхты ачык эле бурмалап, Арстан Алай аттуу жарандын «зима не будет» деген сөзүн шылтоо кылып, Теңир-Тоодо жашаган элдин тарыхый ишенимин кыйыр басмырлап, кордоого алган.
Айтмакчы, Арстан Алай аттуу жарандын позициясы кыргыз элинин тарыхый ишеними менен улуттук баалуулуктарын чагылдырбайт. Демек, Арстан Алай аттуу жарандын позициясына таянымыш болуп миңдеген жылдык карт тарыхы бар уюткулуу улуу журттун тамырына балта чаап, улуттук баалуулуктарды кордоого эч кимдин укугу жок.
Бүгүнкү күндө дин таратуучу Абдышүкүр Нарматов ойлоп чыккан «теңирчи» деген жасалма термин, тилекке каршы, жалпы кыргыз улутун жана кыргыздардын тарыхый ишенимин, орусча айтканда, «ущербный», «неполноценный» маанисинде кордоо максатында кеңири колдонулуп жатат.
- Гүлзат айым! Радикалдуу динчилер менен светтик көз караштагы мекенчилердин ортосундагы тиреш качан жана кантип башталды?
- Баарыңыздар билгендей, дин таратуучу Абдышүкүр Нарматов ойлоп чыккан «теңирчи» деген жасалма терминдин жардамы менен 2017-жылдын 7-апрель күнү (мындан 5 жыл мурда) апрель шейиттери менен Айкөл Манас атабыздын жаркын элеси өзгөчө ыплас тилде кордолгон.
Андан сырткары, улуттук баалуулуктарды коргоо идеясын айтканы үчүн гана;
- белгилүү композитор, коомдук ишмер Түгөлбай Казаковду,
- кыргыздын булбул үндүү кызы Саламат Садыкованы,
- белгилүү сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин авторлорунун бири Бек Жайчыбековду,
- белгилүү журналист, жазуучу Абдымамбет Сариевди,
- Кыргыз Республикасынын Эл артисти, атактуу куудул Күмөндөр Абыловду,
- коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс депутаты, кыргыздын сыймыктуу уулу Дооронбек Садырбаев агайдын карындашы, өзү да Жогорку Кеңештин экс депутаты Гүласал Садырбаеваны,
- көркөмдөп муз тебүү (фигурное катание) боюнча дүйнөнүн чемпиону Элизабет Турсынбаеванын энеси, теги кыргыз, Казакстандын жараны Падишахан Султаналиеваны,
- теги кыргыз, АКШнын жараны, белгилүү укук коргоочу Динара Саметти (Динара Муканбетованы) фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда өтө ыплас тилде өнөкөттүү түрдө (хронически) сөгүп келишти.
Мындан сырткары, Facebook социалдык желесинде Нурмухаммед Чомоев аттуу радикалдуу динчи: «Кимде ким журналист Олжобай Шакирдин башын кесип келип берсе, Аллахтын ыразычылыгы үчүн 2 миң 500 доллар беремин. Личкама жазгыла, сүйлөшөбүз» дегенге чейин барды.
Ошол себептен, радикалдуу динчилерге каршы кыймыл 2017-жылдын 7-апрель күнү Айкөл Манас атабызды ашата сөккөндөн жана сөктүргөндөн кийин күч алды. Ошондон бери 5 жыл убакыт өттү. Ушул 5 жыл ичинде мамлекет улуттук коопсуздукка кол салган радикалдуу динчилер менен улуттук баалуулуктарды коргогон светтик көз караштагы жарандарга карата төмөнкүдөй 2 кылмыштуу стратегияны тандап алганы өкүндүрөт:
1. Эки жээкти тытыштырып коюп, мамлекет да, муфтият да башын кумга каткан пассивдүү байкоочуга айланган. Укук таануучулардын тилинде мамлекет менен муфтияттын мындай позициясы «кылмыштуу аракетсиздик» деп аталат.
2. Светтик Кыргыз Республикасына халифат куруу максатын көздөгөн Турсунбай Бакир уулу жетекчилик кылган бир ууч радикалдуу динчилердин буйрутмасын кынтыксыз аткаруу менен мамлекет «теңирчи» атыккан жарандарды бир жактуу жана мыйзамсыз куугунтукка алууга өткөн.
- Өзгөчө ашынган динчилдер ачык эле согушка, ташбараңга алууга үндөп жатышат... Радикалдуу динчилер жеңип, Кыргызстанга халифат курулса, мусулман эли жыргал турмушта жашай алабы?
Ооба, акыркы күндөрү фейсбукта жихадга үндөп, «Халифат куруп, теңирчилерди кырабыз» деген кылмыштуу чакырыктар күч алды. Фейсбуктагы ошол күмөндүү аккаунттар жакын арада эле хиджаб кийип, элге даават айта баштаган Гүлнур Асанова аттуу ырчынын теңирчилерге (аркалык кыргыздарга) тийишкен постторуна колдоо комментарийлерин жазып жүргөнү коомчулукта кооптонуу сезимдерин жаратууда.
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, шариат мыйзамдарына негизделген халифат курулган өлкөлөрдө Турсунбай Бакир уулу сыяктанган бир ууч ашкере динчи гана чексиз бийликке келип, жыргал жашоого ээ болгон. Бирок, миллиондогон карапайым калк болсо мыйзамсыз өкүмзорлук менен караңгылыктын сазына батып, өз укуктарын коргой албаган байкуш жандыктарга айланат.
- Коомдо болуп жаткан кооптуу кырдаалды көрүп туруп, күч органдары эмне үчүн анализ жасашып, баа беришпейт?
- Тилекке каршы, светтик Кыргыз Республикасынын күч органдарынын өздөрү радикалдуу динчилердин тил алчаак кол жоолугуна айланган. Айтсак, Сооронбай Жээнбековдун учурунда радикалдуу исламчылар баш көтөрүп, улуттук баалуулуктарды жерүү процесси өзгөчө күч алды. Ошол себептен, ал учурда биздин мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен күч түзүмдөрүнө даректелген даттанууларыбыз да, кайрылууларыбыз да жоопсуз калды.
2021-жылдын 21-апрель күнү мен камакка алынып, үйгө камагына чыккандан кийин радикалдуу исламисттердин тарыхый кылмышы тууралуу 2021-жылдын 8-июнь күнү жеткирилген менин көлөмү 109 беттен турган арызыма Кыргыз Республикасынын УКМКнын ГСУ (главное следственное управление) деп аталган бөлүмүнүн начальниги Э. Майлыбеков менен Кыргыз Республикасынын ИИМнин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары, милициянын капитаны Н. Орунтаевден «Следственным органом принято решение об оставлении Вашего заявления без рассмотрения в связи с тем, что в данном заявлении отсутствует состав преступления» деген жооп келди.
Көрсө, мамлекеттик бараандуу мекемелердин күч органдарынын тергөө бөлүмүндөрүн жетектеген Э. Майлыбеков менен Н. Орунтаевдин пикири боюнча;
- мамлекет түптөгөн улут (государствообразующая нация) болуп эсептелген кыргыз эли менен жалпы эле кыргызстандыктардын улуттук коопсуздугуна кол салып, халифат курууну көксөгөн,
- Айкөл Манас атабызды порнографиялык мазмунда сөккөн жана сөктүргөн,
- ошондой эле «теңирчи» атыккан аркалыктарды таш бараңга алууга, мууздап кетүүгө, атып салууга, үйүн өрттөп салууга, сексуалдык зомбулукка учуратууга чакырык жасаган радикалдуу динчилердин иш-аракетинде кылмыштын курамы жок экен, көрсө.
- Акылга келбесек, Кыргызстан экинчи Афганистанга айланып кетүү коркунучунда турган экенбиз. Мындай тирешүү улана берсе, жыйынтыгын кандай болуп калаар экен?..
- Туура айтасыз. Кысымга алынган манасчы менен соттук куугунтукка учураган Манас таануучунун укугун коргоо ишине, биринчи кезекте, Манас атабыз түптөгөн мамлекеттин жетекчилиги тикесинен тик туруусу керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок.
Жогоруда светтик Кыргыз Республикасына халифат куруу максатын көздөгөн Турсунбай Бакир уулу жетекчилик кылган бир ууч радикалдуу динчилердин буйрутмасын кынтыксыз аткаруу менен мамлекет «теңирчи» атыккан жарандарды бир жактуу жана мыйзамсыз куугунтукка алууга өткөнү тууралуу кеп кылдык.
Сөзүбүз бышык болсун үчүн соттук куугунтукка кабылган мекенчил жарандардын аты-жөнүн тарых үчүн атап өтсөм:
- кыргыз этноспортун өнүктүрүүчүлөрдүн бири, «Тайтебиш» федерациясынын президенти Кубанычбек Тезекбаевди каматышты,
- Тибеттеги кыргыздарды изилдеген окумуштуу, байыркы санскрит тилин мыкты билген адис, философия илимдеринин доктору Жолдошбек Адырановду каматышты,
- жазуучу, журналист Зулпукар Сапановду каматышты, бирок, коомчулуктун күчү менен ал камактан чыгарылган,
- философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиеванын иши сотко өтүп, азыр соттук териштирүү иштери жүрүүдө,
- кыргыз таануучу, этнопсихолог Абдылас Койчуевдин иши сотко берилген,
- белгилүү кыргыз таануучу, этнопедагог жана этнопсихолог Мелис Мураталиевди сотко берүү боюнча азыркы тапта радикалдуу динчилер арасында кол топтоолор менен чакырыктар кызуу башталды,
- көп сандаган жарандардын 2 млн дон ашык АКШ долларын алып, алдамчылык кылууга шектелген кара хиджаб кийген Асыл Талипованы камакка алганы үчүн милициянын полковниги, Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин начальниги Уланбек Аалиев өзү азыр ак жеринен караланып, камакта отурат,
- жамактатып ыр жаза койгон санжыра изилдөөчү Жаныбек Абдыбековдун иши сотко өткөрүлүп, териштирүү иштери башталды,
- заманыбыздын залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыков бийлик тараптан «шаман» аталып, ар тараптуу кысымга алуулардан улам үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Баса, «теңирчи» атыгып, соттук куугунтукка алынган нарындык жарандардан тергөөчүлөр;
- «Кыргыз салты менен наркын изилдеген окумуштуу Гүлзат Аалиеваны билесизби?»,
- «Гүлзат Аалиеваны колдойсузбу?» деген мазмунда сурак алып, аларга кысым көрсөтүп,
- «Гүлзат Аалиеваны колдойм» дегендердин ишин дароо эле сотко өткөрүп жаткандары кызык.
Тергөөчүлөрдүн ал документтери тарых үчүн сакталды. Балким, катардагы тергөөчүлөр жогоруда кеп болуп, «Айкөл Манасты сөгүп, кыргыз элинин өмүрү менен ден соолугуна коркунуч туудурган радикалдуу динчилердин иш-аракетинде кылмыш курамы жок» деген;
- Кыргыз Республикасынын УКМКнын ГСУ (главное следственное управление) деп аталган бөлүмүнүн начальниги Э. Майлыбеков менен,
- Кыргыз Республикасынын ИИМнин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары, милициянын капитаны Н. Орунтаев сыяктуу жетекчилеринин атайы буйрутмасын аткарып жатышкандыр, билбейм.
Улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүнүн ичинен «теңирчи» аталып, соттук куугунтукка кабылган жана өзгөчө маанайда басмырланган жарандардын 80-90 пайызы - Нарын областынын уул-кыздары. Демек, бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп, өтө аяр мамиле кылбаса, мунун акыры
- кыргыз улутун жер бетинен жок кылуучу этноцид деп аталган мөөнөтү белгиленбеген (без срока давности) кылмыштуу кесепет менен;
- бирдиктүү кыргыз элин «теңирчи - мусулман» диагоналы аркылуу бөлүп-жарган регионалдык жиктешүүгө алып барат.
Диндер көп болгону менен кыргыз эли бирөө гана. Кыргыз элин диний этноцидден сактап калуу – заманбап Кыргыз Республикасынын расмий бийлигинин тарых жана абийир соту алдындагы эң чоң жоопкерчилик.
Булак: NazarNews.kg