www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Соңку убакта радикалдуу динчилдер менен светтик көз караштагы жарандарыбыз соцтармактарда катуу каршылашууда. Мындай тирешүү улана берсе, жыйынтыгын кандай элестетсе болот? Күч органдары эмне үчүн анализ жасап, баа беришпейт?
Өзгөчө ашынган динчилдер ачык эле согушка, ташбараңга алууга үндөп жатышат... Акылга келишпесе Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланып кетпейби?
Манас таануучу Гулзат Аалиеванын жообу:
- Ооба, бүгүнкү күндө жалпы кыргыз коомуна ханафи мазхабынын принциптери эмес, улуттун уникалдуу идентификациясын жер менен жексен кыла жоготуп, этноцидге (улут курутка, же улуттун социалдык эс-тутумунан ажыратууга) багыт алган, ошондой эле шариат мыйзамдарына таянган халифат курууну максат кылган радикалдуу исламдын ар түркүн агымдарын таңуулоо үстөмдүк кыла баштады.
Тилекке каршы, светтик Кыргыз Республикасынын күч органдарынын өздөрү радикалдуу динчилдердин тил алчаак кол жоолугуна айланган. Айтсак, Сооронбай Жээнбековдун учурунда радикалдуу исламчылар баш көтөрүп, улуттук баалуулуктарды жерүү процесси өзгөчө күч алган.
Ошол себептен ал учурда биздин мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен күч түзүмдөрүнө даректелген даттанууларыбыз да, кайрылууларыбыз дагы жоопсуз калган. Дин көп болгону менен, калкыбыз бирөө гана. Кыргыз элин диний этноцидден сактап калуу – заманбап Кыргыз Республикасынын расмий бийлигинин тарых жана абийир соту алдындагы эң чоң жоопкерчилик.
Булак: Азия News гезити