www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын жетим жүгүрүктөрү хор менен ырдагандай, Кумтөр боюнча акыркы келишимди элге пайдалуу болду деп көрсөткүлөрү бар. Бул тууралуу жарандык активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды. «Либерасттар бириккен оппозиция түздүк деп чыгышты эле. Алар саткын келишимди колдоп жатышат.
Өздөрүнүн атынан эле сүйлөбөй, «оппозициябыз» дешип, бир топ кишинин атынан сүйлөп жатышат. Болбосо, батышка кулдук урган жана мамлекетибиздеги өндүрүштү талкалаган немелер... Батыштан жугунду ичип, алардын кызыкчылыгына кызмат кылгандар.
Далил керекпи? Равшан Жээнбековду эле карап койгула. Канчалаган ишканалар ушул «шумпайдын» убагында «менчиктештирилген» (арзыбаган акчага)!!!
Учурдагы бийлик Кумтөр боюнча экологиялык зыяндарды калыбына келтирүүдөн (рекультивациядан) канадалыктарды (Англиянын колониясы деп окуңуздар) куткарышты. Анысы аз келгенсип, талкаланган мөңгүлөрүбүздүн компенсациясын төлөөдөн дагы кутултушту.
Садырдын, Акылбектин, Бөлтүрүктүн жана башка тиешеси болгондор улуттук кызыкчылыгыбызды коргошкон жок!
Батыштын жетим жүгүрүктөрү хор менен ырдагандай, Кумтөр боюнча акыркы келишимди элге пайдалуу болду деп көрсөткүлөрү бар.
Кумтөрдө күнүнө 120-150 кг алтын чыгып турган (Садыр Жапаров депутаттык комиссияда жана "Кыянат" деген китебинде дагы жазып кеткен). Ошондо, бери эле дегенде эң кеминде жылына 30 тонна алтын чыгып турган. Расмий көрсөткөндөрү жылына болгону 15-18 тонна болчу. 1997-жылы алтын чыгаруу башталган. 25 жылдан бери ал жерден эң эле кеминде 750 тоннадай алтын чыккан. Бул алтындын бүгүнкү баасы 45 млрд.$ тегерегинде...
Мунун канча % Кыргызстанга түштү? 4-5% гана!!!! Калганычы?! Кимдердин чөнтөгүнө кетти? Кайран элим жумуш орду жок, талаалап иштеп жүрөт! Канчалаган кордуктарга туш болуп жүрүшөт?!
Буга кошумча таштандылар калды. Мөңгүлөр талкаланды. Алар эң эле кеминде 5 млрд.$ды чапчыйт. Канадалыктарды сотко бере албайт экенбиз... Канадалыктарды доого жыкпай, аларды чоң жоопкерчиликтен куткаргыдай, эмне, биз бай өлкөбүзбү? Бир ууч топтун чечими улуттун кызыкчылыгына туура келбесе деле кол коюлуп кете береби?!
Батыштын жетим жүгүрүктөрү буйрукту бир жерден алгандай, Улуттук Кызыкчылыкка жооп бербеген келишимди мактай башташты.
Аларды табийгаты ошондой - кожоюндарына моюн сунуу! Элибизге каршы иштөө!!!
Эсепти билбеген дакансалар менен батыштын арабыздагы жүгүрүктөрү (5-колонна) бир жерден чыгышты. Бул көп нерсени каңкуулайт!
Бул деген лондон башкарып жатат деген аргументти бекемдөөдө.
Дагы көп нерсе чыгат...
Көрөсүздөр...
Шордуу элим, дагы тартат окшойсуң эсепти билбегениңдин азабын...Койнунда котур ташы барларды дагы канча убакыт түшүнбөй жүрө берет экенсиң?!», - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg