www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

GoBus автобустары эми Бишкектен Нарынга каттай баштайт

Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан тарта Бишкек — Нарын багыты боюнча GoBus автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалыматта каттамдар күн сайын аткарылары айтылат.

"Автобустар Бишкектеги Ибраимов көчөсүнөн эртең менен саат 8де Нарынды көздөй, ал эми Нарындан борбор калаага саат 10до сапар алат. Жол убактысы төрт жарым саатты түзөт. Билеттин баасы — 500 сом", — деп билдирди Туризмди өнүктүрүү фонду.

Мындан тышкары, туристтердин Нарын жергесине болгон кызыгуусу жылдан жылга өсүп баратканы кошумчаланган. Алар көбүнчө Борбор Азиядагы эң чоң, бийиктиги 400 метр болгон Шар шаркыратмасын, Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Кел-Сууну көрүүгө келишет.

Каттамдар тууралуу толук маалыматты GoBus мобилдик тиркемесинен же 0706 880087 номеринен билүүгө болот.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости