www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швециянын соту климат боюнча активист Грета Тунбергди полицияга баш ийбегени жана Мальмеде демонстрация өткөрүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпка жыкты.
Тунберг эми 1500 швед кронун (болжол менен 144 доллар) төлөп, дагы 1000 кронду (96 доллар) Швециянын Кылмыштан жапа чеккендер фондуна которууга милдеттүү. Кыз мыйзам бузууларга барганын тастыктап, бирок күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, ал «климаттык кризистен» улам эреже бузган.
Июнь айында Грета Reclaim the Future (Келечекти кайтаруу) уюмунун башка активисттери менен бирге казылып алынган отундун колдонулушуна нааразылык билдирип, шаардын портуна кирүүгө тыюу салууга аракет кылышкан. Алар жол эрежесин бузуп, полициянын буйругун аткаруудан баш тартышкан, деп билдирет France 24.
Буга чейин мындай мыйзам бузуу үчүн активист алты айга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган.
Тунберг экологиялык активист. Ал бир нече жыл мурун өспүрүм кезинде, атап айтканда, Швеция парламентинде нааразылык акцияларын өткөргөндө кеңири таанылган.
Булак: NazarNews.kg