www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Грекиянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен жолукканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлайт.
Билдирмеге караганда, жолугушуу Бишкекте өткөн "Европа биримдиги — Борбор Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында болгон. "Сүйлөшүүдө грек тарап акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Министрдин орун басары Костас Фрагогианнис Грекия саясий жана экономикалык чөйрөдө тараптардын мамилесин активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле инвестициялык кызматташуу жаатында Enterprise Greece уюму аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, грек бизнес-делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууга даярдыгын кошумчалаган.
Тараптар саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg