www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грециянын ар кайсы аймактарында укук коргоо органдары этиятсыздыктан өрт койгон үч адамды кармады. Куураган чөптү өрттөгөндөргө айып пул салынды, деп айтылат жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын билдирүүсүндө.
Мурдараак маалымдалгандай, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик агенттиктери Грециядагы өрткө байланыштуу каттамдарын массалык түрдө токтотуп жатат. Корфу жана Эубой аралдарында эки жаңы ири өрт чыкты, ал эми Родос аралында дээрлик бир жумадан бери өрткө каршы күрөш жүрүп жатат, ал жерден 20 миңдей киши эвакуацияланды.
Шейшембиде табигый өрт өлкөнүн батыш тарабына жеткени белгилүү болду. Трапеца жана Кастро Аегиялия кыштактарынын жашоочуларын үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту.
Булак: NazarNews.kg