www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «ГринГоу» ишканасы тарабынан айлана-чөйрөгө саркынды сууларды төгүү, айлана-чөйрөнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул маселе боюнча министрликке «Дачи в Норусе» коомдук бирикмеси жана «Надежда» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи кайрылган.
Текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада «ГринГоу» ишканасына жалпысынан 111 миң сом айып пул салынган. Ошондой эле, мындай тартип бузууларды болтурбоо боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «ГринГоу» ЖЧКсынын жетекчиси Имин Лейла Ильхамжан аттуу адам. Ээлери — Сюэ Чжаолинь, Чжао Хайцзюнь жана Сюй Гуйчжуань. Негизги ишмердүүлүгү — товардык бетонду (даяр бетон аралашмасын) өндүрүү. Компания 2026-жылдын 2-апрелинде кайра каттоодон өткөн.