www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамдепартаменттин өкүлү чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын айынан Грузия "олуттуу саясий кесепеттерге" дуушар болорун эскерткен.

Грузиянын АКШ менен мамилесин кайра карап чыгуу керек. Анткени мындай абалда кызматташуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Тбилисинин мэри Каха Каладзе билдирген.

Ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллердин билдирүүсүнө жооп берген. Буга чейин Миллер чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын айынан Грузия "олуттуу саясий кесепеттерге" (потенциалдуу санкциялар, визалык чектөөлөр жана каржылык жардамды кайра карап чыгуу) дуушар болорун эскерткен.

"Грузия бирөөнүн вассалы эмес, башканын кызыкчылыгы үчүн Украинанын тагдырын кайталабайт. Биз бул өлкөнү коргойбуз жана тынчтыкты сактоону каалайбыз", — деди Каладзе.

РИА Новости жазгандай, Миллер буга чейин брифинг учурунда Грузиянын ондогон жарандарына АКШга кирүүсүнө чектөө киргизилерин айткан.

"Бул — визалык чектөөлөрдүн биринчи бөлүгү. Ал парламенттеги "Грузин кыялы" партиясынын мүчөлөрүнө, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана жеке адамдарга тиешелүү", — деген Миллер.

Анын айтымында, Тбилиси бул кырдаалда "адамдарды жана демократиялык умтулууларды сындырууга" аракет кылууда.

"Биз грузин өкмөтүнө кандай мыйзамдарды кабыл алуу керектигине көрсөтмө бербейбиз, бирок бул норманын эпкини ушул сыяктуу мыйзам кабыл алган башка өлкөдөн келген. Модели Россия болгону айкын", - деди Миллер.

Ал эми Грузиянын вице-премьери Теа Цулукиани АКШнын санкциялары тууралуу сөздү жеңил ойлуулук деп атады.

"Бул биздин мамилебиздеги ката жана ал оңдолот деп ишенем" — деген Цулукиани.

Анын айтымында, санкциялар өкмөт менен элдин ортосунда ажырым жаратууга багытталган, анткени АКШ Грузиянын азыркы бийлигин көйгөй катары кароодо.

"Алардын негизги максаты (санкцияларды киргизүү – ред.) — улуттун алсыз болуусу жана жат десе жаткан, тур десе турган Вивамедде (клиника – ред.) отурган адамдын бийликке келиши. Ушуларды башынан өткөргөн эл, ага кызмат кылып, соккуларды өзүнө алган өкмөттү кетирбейт", — деп кошумчалаган Цулукиани.

Белгилей кетсек, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзеге да эскертүү жасалган. Ал Еврокомиссарлардын бири менен Грузияда кабыл алынган чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүдө Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун өмүрүнө кол салуу болгону тууралуу кеп козголгонун айткан. Кийинчерээк Еврокомиссар Оливер Вархели Кобахидзе менен сүйлөшүүдө Фицого кол салуу аракети болгонун айтканын, бирок анын сөздөрү коркутуу эмес, "контексттен алынганын" белгилеген.

Бирок Кобахидзе Еврокомиссар Оливер Вархели тарабынан коркутуулар боюнча далилдерди берүүгө даяр экенин билдирди.

"Бизди ар кандай коркутушту, анын ичинде Словакиянын премьер-министринин тагдыры кайталанары айтылды. Эгер кайсы бир өлкөнүн кызыкчылыгы болсо, анда тергөөгө тиешелүү маалыматтарды жана далилдерди берүүгө даярмын", — деп кошумчалады Грузиянын премьер-министри.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү, 5-июнда, президент Саломе Зурабишвили чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга кол коюудан баш тарткандан кийин грузин парламентинин спикери Шалва Папуашвили кол койгон. Эми эки айдын ичинде Грузиянын Юстиция министрлиги электрондук портал түзүп, анда бюджетинин 20 пайыздан ашыгы чет жактан каржыланган уюмдар жана ЖМКлар каттоодон өтүп, 2023-жылга карата каржысын декларациялоого тийиш.

Мыйзам нааразычылыктарга, АКШ менен Евробиримдиктин санкциялары менен коркутууларына карабастан кабыл алынган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости