www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Грузия тарабынан чет элдик жарандар үчүн жаңы кирүү талаптары киргизилишине байланыштуу, төмөнкүлөрдү билдирет.
2026-жылдын 1-январынан тартып, Грузияга кирүү үчүн бардык чет өлкөлүк жарандарга жаңы кирүү эрежелер колдонулат. Ага ылайык, өлкө аймагында болуу мөөнөтүнүн бардык мезгилине жарактуу медициналык жана кырсыктан камсыздандыруу полиске ээ болууга тийиш.
Бул талап Грузиянын туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык киргизилген жана туристтик, ишкердик, жеке максаттардагы сапарларга колдонулат.
Камсыздандыруу полисти Грузиянын же чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларында тариздесе болот жана грузин же англис тилинде кагаз/электрондук түрдө көрсөтүлүшү керек.
Камсыздандыруу чыгымынын минималдуу суммасы 30 000 грузин ларисин (GEL) түзөт. Камсыздандыруу полисте төмөнкү милдеттүү маалыматтар камтылышы зарыл:
- камсыздандыруу келишиминин тараптары;
- камсыздандыруунун колдонуу аймагы;
- камсыздандыруунун максаты;
- камсыздандыруунун башталышы жана аяктоо даталары;
- камсыздандыруу тобокелдиктери;
- камсыздандыруу төлөмдүн суммасы;
- камсыздандыруу кошумча акысынын өлчөмү;
- төлөмдүн орду жана шарттары.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Министрлик Грузияга барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жаңы кирүү эрежелери менен алдын ала таанышып чыгууну, ташуучулардын жана чек ара кызматтарынын кошумча талаптарын эске алууну жана сапарга чыкканга чейин медициналык камсыздандырууну алууну сунуштайт. Бул документ чек ара көзөмөлүндө талап кылынышы мүмкүн болгондуктан, аны кагаз түрүндө да алып жүрүү сунушталат.
Ошол эле учурда, Министрлик миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо, анын ичинде камсыздандыруу полисинин, жарактуу паспорттун, кайтып келүү билетинин жана жашай турган жерди брондоону тастыктаган документтердин болушу керектигин белгилейт.
Бул маалымат түшүндүрмө мүнөзүндө гана берилет жана Грузияга кирүүгө кепилдик бербейт.