www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11–13-июнь күндөрү Грузия Республикасынын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келет. Иш сапар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөрү пландалган.
Иш сапарга байланыштуу Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Коопсуздук чаралары шаардагы коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Маалыматка ылайык, шаардагы негизги көчөлөрдө жана эл аралык делегациялар жүрө турган маршруттарда убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул убакыт аралыгында жол кыймылы жана коомдук тартип тынымсыз көзөмөлгө алынат.
Шаар тургундарына жана конокторго киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылуу жана укук коргоо органдарынын талаптарын сактоо сунушталат.