www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламенттик шайлоого «Орусиянын операциясы» кийлигишкенин айтып, шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай тургандыктарын билдирди.

Ал, борбор шаар Тбилисидеги президенттик сарайда билдирүү жасап, 5 пайыздык босогодон өткөн оппозициялык «Грузияны сактап калуу үчүн биримдиги», «Өзгөртүү үчүн коалиция» жана «Күчтүү Грузия» шайлоо блогунун лидерлери колдогон Зурабишвили өз өлкөсүндө өткөн парламенттик шайлоого баа берди.

Зурабишвили шайлоодо бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын жеңгенин көрсөткөн жыйынтыктарды кабыл албайт. Шайлоодо бурмалоолор болгонун айткан Зурабишвили: «Бул шайлоолор толугу менен бурмаланды. Биз Орусиянын атайын операциясы деп айтууга боло турган окуянын курмандыгы болдук. Биздин элибизге жана өлкөбүзгө гибриддик согуштун жаңы түрү колдонулду. Бул шайлоону таануу мүмкүн эмес, анткени бул Орусиянын бул жакка киришин, Грузиянын Орусияга көз карандылыгын таануу болот»,-деди.

Зурабишвили шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган оппозициялык партияларды жана коомчулукту эртең кечинде Тбилисидеги парламент имаратынын алдына чогулууга чакырды.

Батыш мамлекеттерин өлкөсүн жана элин колдоого чакырган Зурабишвили Грузияны коргоо геосаясий тең салмактуулукту сактоо дегенди бергенин билдирди.

Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы жеңип, шайлоочулардын 53,93 пайыз добушуна ээ болду. «Өзгөртүү үчүн коалиция» 11,03 пайыз добуш менен экинчи, «Грузияны сактап калуу үчүн биримдик» 10,16 пайыз менен үчүнчү, «Күчтүү Грузия» 8,81 пайыз менен төртүнчү, «Гакхария Грузия үчүн» 7,77 пайыз добуш менен бешинчи орунду алган.

Эске сала кетсек, Саломе Зурабишвили 1952-жылы 18-мартта Франциянын борбору Парижде туулган. Анын ата-энеси Совет бийлигинен Францияга качкан грузин эмигранттары. Атасы автозаводдо инженер, апасы үй кожойкеси болуп иштеген.  

Президенттин атасы Ливан Зурабишвили Франциядагы грузин диаспорасынын төрагасы, Париждеги грузин чиркөөсүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Айрым дүйнөлүк ММКга таяна турган болсок Саломе Зурабишвилинин улуту - француз. 

 

 

Последние новости