www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2002-жылдан кийин АКШнын Гуантанамодогу түрмөсүндө кеминде 14 жыл отурган эки оогандык Оманд үй камагынан бошотулганын "Талибандын" өкүлү 11-февралда билдирди.

Абдул Захир Сабер жана Абдул Карим ооган бийлигинин аракети менен эркиндикке чыкканын “Талибан” өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

12-февралда Кабулда алардын мекенине кайтып келишинин урматына расмий иш-чара уюштурулат.

Абдул Захир Сабер жана Абдул Карим Гуантанамодо 2017-жылга чейин отуруп, андан кийин Оманга өткөрүлгөн. Кийинки жети жыл үй камагында болуп, сыртка чыга алган эмес.

Логан провинциясынан чыккан Саберди 2002-жылы 10-майда америкалык аскерлер кармаган. Кабулга чукул жердеги Баграмдагы абакта төрт ай отургандан кийин Гуантанамо түрмөсүнө которулган.

Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясында жашагаи Карим 2002-жылы 14-августта Пакистанда кармалган. Бир нече ай абакта отурган соң америкалык аскерлердин колуна өткөрүлгөн.

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Кубадагы АКШнын Гуантанамо аскер базасындагы түрмөнү жабуу ниетин билдирген.

Президент Обама терроризмге айыпталып камалгандар АКШ аймагынан тышкары түрмөдө кармалып турганы Кошмо Штаттардын эл аралык аброюна шек келтирерин айткан. Обаманын сегиз жылдык мөөнөтүндө бул түрмөдөн 198 киши башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилген. Анын ичинде Оманга 10 киши берилген.

Террорчулукка шектелген кишилерди кармоочу жай АКШнын Кубадагы аскер базасында 2002-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул болгон окуялардан көп өтпөй ачылган.

Укук коргоочулар түрмөдөгү кишилерге карата кыйноо ыкмалары колдонулганын жана алардын укуктук макамы АКШда камакка алынгандар менен бирдей эместигин сындап келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости