www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Таласта губернатор президенттин ата-энесине, уулуна куран окутту» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Талас обулсунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.

«7-декабрда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун аксакалдарын чогултуп жалпы көзү өткөн мусулмандарга жана маркум Нарбек уулу Оморбайга жана Ажымурат уулу Омоканга куран окуткан. Буга төмөнкү видео толук далил болуп бере алат. Куран окутуу Улан Ниязбеков жана Бакыт Нарбековдун жеке каражатына уюштурулган.

Ал эми, облус башчысынын беделине шек келтирүү максатында ар кандай такталбаган маалыматтарды чыгаруу менен алек болуп жаткан Төлөгөн Наралиев, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн башкы адис кызматынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде кызмат орду кыскарып кеткендигине байланыштуу бошотулган», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чеин Төлөгөн Наралиев Талас облусунда жолдош губернатор Бакыт Нарбеков облус аксакалдарын чакырып, 55-60 адамга тамак тартып (чыгаша 150-200 миң сом) президенттин атасына, апасына, баласына багыштап Куран окутканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости