www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арийне, тирүүлүктүн оомал-төкмөлүү жагдайлары болору белгилүү. Кээде болуп өткөн окуяларды ылайым өңүм эмес түшүм болуп калса гана атаганат, дешиң мүмкүн. Кызмат дегендин кубанычынан сырткары азабы да болорун эстен чыгарбоо ылайык. Мамлекеттик кызматтын өйдө-ылдыйы, учурдагы турмуштук акыбал, өткөн-кеткенди сыдыргыга салуу тууралуу каарманыбыз менен маектештик. Анын чоо-жайына анда эмесе өзүңүз саресеп салыңыз, окурман.

— Сиздин таржымалыңызга үңүлсөк кыйла тажрыйба топтоого жетишиптирсиз. Бүгүнкү күндө шаардын мэринин орун басары кызматында эмгектенип жатыпсыз. Оболу бул кызматка качан келгениңизди, иштеги жаңылыктардан кеп кылсаңыз бап келген турат?

— Мен бул кызматка 2004-жылдын февраль айында Жалал-Абад областынын губернаторунун буйругу жана шаардык депутаттардын макулдугу менен келгем. Себеби мамлекеттик саясатта гендердик теңдештикти камсыз кылуу максатында райондук жана шаардык администрацияларда социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары, вице-мэрдин кызмат орду киргизилип, ал кызматка айымдар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макулдугу менен дайындалышкан. Ошол мезгилден тарта мен бул кызматта эмгектенип келем. Социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү суранып кайрылган жарандарга, ыйгарым укуктарымдын чегинде жардамымды көрсөтүп, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө аздыр –көптүр салымым бар десем болот.

— Баамдасак ишиңизде ийгиликтер бар экен. Анда эмесе сурообузду бираз башка багытка буралы. Өмүрлүк жолдошуңуз менен кантип бирге түтүн булатып калдыңыз эле? Чогуу жашаган мезгилде көп кубанычтар болгондур?

— Мен, 1986-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктагандан кийин июль айында Бримкулов Темирланга баш кошуп, турмуш курдук. Ал кезде Темирлан Фрунзедеги политехникалык институтту аяктап, Токтогул ГЭСинде эмгектенгенине 2 жыл болгон жаш адис эле. Ал эми мен мектепте математика мугалими болуп иштөөгө жаңы гана жолдомо алгам. Ошол мезгилден тарта ата-эне жолун улап, балдарды тарбиялап, ага-тууган күтүп, өз алдыбызча түтүн булатып келебиз. Темирлан энергетик болгондуктан, убактысынын көп учурун эң оболу ишине буруп, Токтогул ГЭСинде жөнөкөй электромонтерлуктан баштап, адистиктин ар бир тепкичин басып өтүп, кесипкөй энергетик болду. Эмгектери бааланып СНГнын эмгек сиңирген энергетиги, КРнын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер наамдарын алды. Бул сыйлыктар Темирланга жөн эле келип калган жок, ал тынымсыз Токтогул ГЭСинин кынтыксыз иштөөсү үчүн өз билимин өркүндөтүп, жаңы рационализатордук сунуштарды берип, зарыл учурда күнү-түнү иштеди. Темирландын жашоосунда Токтогул ГЭСи эң орчундуу орунду ээлеп, энергетика тармагынын өнүгүшүнө чын ниетинен мамиле жасоо, анын жүрөгүнүн түпкүрүндө турду. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоону башкаруу группасынын аткаруучу директору кызматына 2014-жылдын январь айында Токтогул ГЭС Каскадынан которуу жолу менен дайындалган.

— Ошондо ортодо канча балаңыздар бар?

— Темирлан экөөбүз эки уул, бир кыздуу болдук. Улуу балабыз Чынгыз үй-бүлөөлү, кесиби энергетик, информатик. Кызыбыз Турсунай кесиби журналист, учурда англис тилин окутат. Кичүү уулубуз Бектур 7-класстын окуучусу.

— Эми сизди санаага салган суроону узатайын? Темирландын камалганына канча убакыт болду? Акыркы жолу качан кездешүүгө уруксат берилди? Эмне тууралуу кабатырланды?

— Темирлан 2018-жылдын 3-апрелинен бери Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин УКМК нын СИЗОсунда. Аны менен 13-апрелде жолуккам. Ал учурда ТЭЦтеги авария боюнча козголгон иште фигуранттардын бири болуп иши сотто каралып жаткан. Жолугушууда ал: “Сот процесстеринде күбөлөрдүн Темирландын аварияга тийешеси жок деген көрсөтмөлөрүн, судья эске алып акыйкат бүтүм чыгарар,”- деп айткан. Иш жүзүндө андай болгон жок. Сот, тергөөнүн версиясын эле толук колдоп, акыйкатсыз чечим кылды. Анткеним, эски ТЭЦте болгон аварияга, аны тейлеген ТЭЦтин кызматкерлери күнөөлүү экендиги депутаттык комиссиянын жана ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталганына жана Темирлан ТЭЦтин кызматкерлерине таасир этүүчү ыйгарым укугу болбогондугуна көңүл бөлүнбөдү.

— Жакында Темирланга сот жазасын угузду, ошону тактап кетесизби? Канча жыл берилди, айыбы канча сомду түздү? Эми кайсыл берене боюнча сот сурагы жүрүп жатат?

— Биринчи май райондук соту авария боюнча өкүмдү 19-апрелде чыгарды. Ал өкүмүндө Темирланды КРнын Жазык Кодексинин 221-беренесине ылайык “ Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деп эки жарым жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салды. Сот өкүмү чыкканга чейин камакта отурган 1 күнүн 3 күнгө эсептеди. Бул өкүм мен жогоруда айткандай калыс болгон жок. Ал иши боюнча биз шаардык сотко даттанып жатабыз. Ошону менен катар эле ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон иште (319-берене) да фигурант болуп Свердлов райондук сотунда иши каралып жатат.Ал иш боюнча териштирүү 15-майда башталды.

— Биз илгери ал кишинин ата-энесинин колунан билим алган элек. Экөө тең адал иштерге тарбиялашкан бизди. Ошондуктан алардын уулу жемкорлукка барат деген ойдон алыспыз. Бул боюнча сиздин ойуңузду билсек болобу?

— Ооба, Кетмен-Төбө өрөөнүндө эмгеги менен элге таанылып СССРдин убагында “Эмгек сиңирген мугалим” даражасына жеткен атабыз Нургазы Бримкулов, апабыз Кыркаяк Момункулова, балдары Улан, Нурлан Бримкулов илимдин докторлору, Темирлан Бримкулов энергетика тармагында жан дили менен берилип эмгектенген адам болгонуна сыймыктанып, материалдык байлыкты эмес, адамдын жан дүйнөсүнөн ажырагыс билимди, бар оокатына каниет кылууну анык байлык деп эсептегиле деп тарбиялаган. Темирландын бирөөнү алдоо, өз көмөчүнө күл тартуу, менменсинүү, кимгедир зыян келтирүү ниети болбогон. Ал жөнөкөй, жоопкерчиликтүү, өз кесибин сүйгөн, маданияттуу, интеллигент адам экенин аны менен мамиле түзгөндөрдүн бардыгы билишет. Андыктан аны колдоп Президентке кайрылуу жазышкан. Ал эми жемкорлук боюнча аны айыптоо негизсиз деп ойлойм. Себеби, ТЭЦти модернизациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Эксимбанкынын ортосунда кредиттик макулдашуу түзүлүп, Жогорку Кеңештен ратификацияланып 2013-жылдын декабрында Мыйзам менен бекитилген. КРнын Мыйзамы менен бекемделген ЕРС(под ключ) методу менен долбоорду ишке ашырууда 2014-жылы “Электр станциялары” ААКнун адегенде башкы директорунун орун басарына баш ийген, кийин долбоорго байланыштуу документтерге кол коюу укугу берилип башкы директорго баш ийген Т. Бримкулов функционалдык милдеттерин гана аткарган. Анын жемкорлукка эч кандай тийешеси жок.

— Атасынын камалышына балдар да санаа тартып жатканы маалым дечи? Аларды кантип мындай балээден алагды кылып жатасыз?

— “Ак ийилет, бирок сынбайт”- деген накыл кепти туу тутуп, Темирландын коюлган айыптардан акталарына, эң алгач өзүм ишенем. Андыктан балдарым да ошол ишенимде, соттук териштирүү акыйкат болоор деген үмүттө жашап келебиз.

— Албетте, бүгүнкү соттор тууралуу пикир жылуу эмес. Сиздин ишенимиңиз сотторго кандай? Акыйкат жыйынтык чыгар бекен?

— Сотторго элдин ишеними төмөн экендиги талашсыз. Андай пикирдин жашап жатканы айрым соттордун жасаган иш-аракеттерине байланыштуу. Бирок, соттордун бардыгы адилетсиз иш жүргүзөт дегенден алысмын. Бир жылдан ашык убакыттан бери, тилегеним: Сотторго кудай ыйман берсин. Сот процесстерин эч кимден көз карандысыз акыйкат жүргүзүүгө жетишүүсүн тилейт элем. Ажобуз соттордун съездинде айткандай бейишке бара турган соттор иштесин. Акыйкатка жетүү татаал жол. Ошондой болсо да үмүттүн шооласы өчпөйт. “Акыйкат чечим чыгаар”- деп күтүп келем.

— Адамдын жүрөгүндө илгери үмүтү өчпөйт эмеспи? Ошентсе да белди бекем бууп, кайраттуу болушуңуз керек. Анткени балдарыңызга учурда сиздин колдооңуз зарыл болуп турат.

— Бул күндөр биз үчүн сыноо. Сыноого сынбай, кайраттуулук менен жеңүүбүз керек. Уинстон Черчилль: -“Шумкар шамалдын багыты менен эмес, шамалга каршы учканда гана бийик учат” — ​деген. Андыктан үй-бүлөбүздө бири бирибизди колдоп турабыз.

Маектешкен: Жора Сулайманов 

Булак: "Ачык сөз"

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости