www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Бакыт Эргешович,Өкмөттүн айланасындагы чуулгандуу иштерге кандай баа бересиз?
-- “КТ Мобайл” чыры чыга электе мен чын эле Премьер-министрдин бажасы “Ачык өкмөт” долбоорун жетектеп иштейт экенин, анын баласы олчойгон маяна алып, операторлук компанияда иштээрин деле уккан эмесмин.Бул окуя уят иш болду. Азыр бул иштерди иликтеген депутаттык комиссия иш баштады. Комиссиянын жыйынтыгын күтсөк, көп нерсе дагы ачылат. Мен коммисия мүчөлөрү менен сүйлөшсөм, жакшы настрой коюп, берилишип ишке киришиптир. Чү дегенде эле, Өкмөт аппаратынын жетекчиси, орун басары кошо иштен алынышты. Муну далил, факт катары эсептесе болот. Моралдык жоопкерчилик тартуу жакындап келе жатат. Бул жерде бир эле “КТ Мобайл” чыры болуп жатат. Кыргызстанда 99 мамлекеттик мекеме, мамлекетте үлүшүндө 28 акиционердик коом бар. Ал жерлерде канча чыр бар, канча айлыктар бар, эч ким билбей жатат. Мен Мулк фондуна кат жазганы турам. “Жетекчилердин баарынын айлыктарын бергиле” деп сурайм. Анонимдик түрдө “Кыргыз нефтиГаздын”, “Кыргыз темир жолунун”, “Кыргыз энергохолдингдин” кагаздары келип жатат. Ал жерлерде да маселелер көп экен. Ал жерлерде кимдердин туугандары, бажалары иштеп жатат, билбейбиз азырынча. Бул текшерүүлөрдөн кийин дагы бир топ жаңылыктар чыгат деп ойлойм.
-- Бажалар баянынан кийин мурунку бийликтердин убагындагыдай кландык башкаруу, бийлик түзүлүп калды дегенге болобу?
-- Бажабы, кайниби, өкүл балабы, баары тең кыргыздын балдары. Кыргызстандын жарандары, кыргыз мамлекетинин ишмери, алар деле иштегенге укуктуу. Бирок, ал туугандар жоопкерчиликти жогору коюш керек. “Тууганымды уят кылбайын, сөз тийип калбасын” деп тапшырып кетип калыш керек, кентпесе дагы, катардагы кызматка которулуп иштегени туура болот эле. Бизде азыр кыргыз менталитети ушундай болупкалды. Жетекчи келсе, анын тууганы иштебешкерек деген түшүнүк орноп калды. Эгер түздөн-түз кол алдында болсо, анда иштебей кетсин. Мисалы, мен ошентмекмин.
-- Парламентте Бажы бирлигине киргенден кийин өлкөнүн базарларын импорттук товарлар басып кетип жатканын айттыңыз. Экономикалык уюмдун бизге пайдасынан зыяны көп тийип жатабы?
-- ЕАЭБке киргенден кийин базарларды карасаңар импорт басып кетти. Бензинден башка да товарлар көп. Контабанданынайынан 20 миң жумуш орун жок болду. Кызылдай акчага кызыгып, канча миллион сомдор бюджетке түшпөй жатат. Атаандаштык жок. Ата мекендик өндурүшчүлөр жумушун токтотуп, качан эле мигрант болуп кетип калышкан. Башка мамлекеттер цементти киргизбей, базарын бекемдеп жатышат. Өткөндө ун комбинаттарын колдоо иретинде сунушталган мыйзам долбооруна кандай деген сын сөздөр айтылбады бизде. “Саясий коррупция” дешти. Бул акыбалда эртең бензин, бүрсүгүнү башка товарлар... Ошентип, жүз пайыз импорт менен жашап калабыз. Мындайга жол бербеш керек го.
Динар Турдугулова
Булак: "АЗИЯnews"