www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ эле сахнада обон созуп, 5 күн ороно калып даават айткан ырчылардын бири Гүлнур Асанова апасындай аялга каяша айтып, колун кезеди. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына оргуш-баргыш оюн жазып, коркутканга чейин барган.
Төмөндө Гүлнур Асанованын пикирин өзгөртүүсүз окурмандарга жарыя кылабыз:
--Урматтуу эжеке! Эмне үчүн окуучулардын адебин, билим денгээлин айтып чыкпайсыз?! Же сизге ал жагы кызыктырбайбы? Спорт залда чапталышып экиден өбушкөн окуучуларды, эжекелерди көзгө илбей бир-бирин тепкилеп сабашып жаткан кыздар, короодо сабактан качып чылым ( сигарет) чеккен окуучулар туурасында неге айтпайсыз? Же аларга башынызды ооруткунуз келбейби? Же алар өгөй кыргыз кыздарыбы? Эмнеге андай жактарды көзүңөр көрбойт?
Эмнеге жоолучан кыздардын ЖООЛУГУ эле көзүңөргө көрүнө берет ыя?!!!
Жергиликтүү эл өкүлү имиш экенсиз ( депутат местного кенеша), мыйзамды окуп койбопсуз да жакшылап! Баш мыйзамда ДИН тутуу эркиндиги бар! Жана дагы баш кийим боюнча эч бир жерде тыйуу салынган эмес! Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз! Калктын 90% мусулман! Сизге тескерисинче арыз жазыш керек экен: Элдин ынтымагына доо кетирип, дин аралык маселени козутуп, элди экиге бөлүп кырылыштырганыңыз үчүн! Элдин ынтымагы сизге оюнчукпу?! Өзүм баш болуп сизге каршы добуш топтосомбу?! Мен дагы КРнын кыргыз жараны болом! Жоолукчан айымдардын укугун коргоого мажбурмун!
Сизди эл үнүн, проблемасын жогорку жакка жеткириш үчүн элибиз шайласа керек….Элдин ынтымагына бүлүк салыш үчүн эмес! Жергиликтүү эл өкүлү болгон сон, жериниздеги экономикалык толуп жаткан проблемалар бар, суу чыкпаган жерлер, Канализация, таштанды ( мусор) жакыр жашаган катмар, үй бүлөлүк ЗОМБУЛУК, ПЕДОФИЛИЯ, коррупция ж.б!!!!!!!!!! Кагылайын эжеке мына ушуларды көтөрүп чыкпайсызбы???? Же Видео фактылар керекпи, жонотоюнбу?
-- деп жазып калтырган экс-ырчы, азыркы дааватчы Гүлнур Асанова.
Белгилүү журналист Абдумамбет Сариев:
--Гүлнур Асанова бул жерде КР Конституциясынын дин тутуу эркиндиги боюнча жазылган 34-беренесине таянып, КР Конституциясынын 1,9,21-статьяларын бузуп, мамлекеттик мекеме болгон мектептерге диний иштерди кийгилишип, элдин ырысы-ынтымагына доо кетирип, элди диний жактан козутуп бөлүп-жарганы үчүн КР КЖКнын 330-статьясы боюнча жооп берүүгө тийиш. Себеби ал 34-статья боюнча динин эркин тута берсин бирок, ал КР Конституциясынын 1,9,21-статьяларын бузуп, мамлекеттик мекеме болгон мектеп турмушуна киришпесин, кийгилишпесин. Элди диний жактан бөлүп-жарып, ынтымагын кетирип, уруштуруп-талаштырып козутпасын (КР КЖК. 230-ст.), бул маселе боюнча укук коргоо органдары буга мыйзам чегинде чара көрүшү керек! - дейт.
Эске сала кетсек, буга чейин Гүлнур Асанованын үстүнөн баардык бийликтин бутактарына арыз жазылган. Арызга кыргыздын чыгаандары, ошондой эле 500гө жакын жарандардын колу коюлган.
Булак: NazarNews.kg