www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-ноябрда ырчы, алпаруучу Гүлжайна чыгармачылыкка аралашканынын он жылдыгын белгиледи. Концерт аншлаг менен өтүп, өзгөчөлүк катары ырчынын ата-энесине арнаган ыры, устаты Рахман Разыковго тартуулаган күлүгү болду, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити.
- Гүлжайна, концертиңиз аншлаг менен өтөт деп ойлодуңуз беле?
- Концертим жогорку деңгээлде өтсүн деп күнү-түнү уктабай даярдандым. Эл жакшы келерине ишенип тургам, бирок залга батпай туруп көрүшөт деп күткөн эмесмин. Билеттин баасы 500 сомдон сатылган, аягында 1000 сомго көтөрүлүптүр. Мени колдоп келген элиме ыраазычылык билдирем.
- Концерттеги көзгө көрүнүктүү кайсы учурларды айта аласыз?
- Өзгөчө номер катары Бакыт Алиев менен “Сүйүү жашка карабайт” деген дуэтибиз болду. Менин кадырымды сыйлап колдогонуна ыраазымын. Бир убакта ажырашып кетип чыгармачылыкка аттангам да. Ошондо ата-энем “ырдайм деп турмушуңду буздуң, көзүбүзгө көрүнбө” деп урушту эле. Андан кийин менин чындап таланттуу экениме көздөрү жеткенде жумшарышкан. Бул концертимде да ата-энем кубанычтан көзүнө жаш алып отурушту. Аларга арнаган ырымды аткарып мен да ыйладым. Менин жашоодо өз ордумду тапканыма ата-энемдин салымы өтө чоң. Чыгарманы аткарып жатып көз алдыма кыйын күндөрүм тартылды. Эстесем, көп эле жерден “ыйлаба, кызым, күчтүү бол” деп сынып калуума жол беришпептир.
- Устатыңыз Рахман Разыковго күлүк тартуу кылганыңыз да күтүүсүз болду окшойт?
- Мага чыгармачылыкта жол көрсөткөн устатым, мугалимим Рахман Разыков болду. Жаңы чыгып келе жатканда эле “чыгармачылыкты биринчи орунга кой, акчага кызыкпа” дегени бар эле. Айткандай эле мен да жан-дилим менен иштедим. Эсимде, Бишкекте жүрсөм “Ошто концерт болот, катышасыңбы?” десе көтөрүп жүргөн телефонумду сатып жол кире кылып кеткен учурум болгон. Рахман агайдын тобундагы жигиттер менен тең тайлашып иштеп жүрүп кийин өзүнчө чыктым. Негизи, устатымды кантип ыраазы кылсам деген ой мурда бар болчу. Ата-энем мага концертте “үйүң, унааң бар, сага эми күлүк ат белек кылалы” деп камчы тартуулашты. Мен эми ал жылкыны кантип багып, кам көрөт элем. Ошол жерден башым иштеп кетип устатымды сахнага чыкырып туруп тартуу кылдым. Өзү да күтпөптүр. Толкунданганынан “отузга жакын жигитти тарбияладым, арасынан сен биринчи белек кылдың. Отуз жигитти озуп өттүң” деп тамашалап өттү. Эми агайга тартуу кылган күлүктү үйүнө жеткирип берем.
- Баса, ак өргө кут болсун!
- Рахмат. Бишкектен экинчи үйдү сатып алдым. Буга чейин үй алгам, эми бул өргөмдү 2020-жылы жасатып киргени турам.
- Чыгармачылыктан сырткары тармактык ишкерлик менен алектенесиз. Сурайын дегеним, көбү сызга отуруп жаткан тармакта сиз кантип байып жатасыз?
- Ага жөндөм керек. Жаның тынбай иштеп, дайым окуп тренингдерине катышуу керек. Ишкерлик кылуунун, бутка туруунун туура жол-жобосун үйрөтүшөт. Ошол алган билимиңди тажрыйбаңды колдоно билсең эле ишиң жүрүшөт. Айтайынбы, эмнеге сызга отуруп калып жатышат? «Тармактык ишкерликке келсең миллион табасың, байып укмуш болуп кетесиң» деп элдер тааныштарына чала, жалган маалымат берип алып келишет. “Тармактык ишкерликке келип тынбай эмгек кылып, чуркасаң гана акча табасың, болбосо сызга отурасың” деп эле ачык айтуу керек. Болбосо эптеп эле артынан адам жаздырып өз пайдасын көздөгөн шылуундардын курмандыгы болуп калгандар толтура.
- Ошондо сиз бул тармактан кандай материалдык байлык таптыңыз?
- Эки үй, унаалуу болдум. Чет мамлекетке жолдомолорду утуп жатам. Андан сырткары туруктуу киреше булагым бар. Жолдомо демекчи, концертте Бакыт Алиев ата-энем менен мага Таиландга жолдомо белек кылды. Концертимди каржылап беришти. Менин чыгармачылык кечеме жумшаган акчам акталып жакшы эле киреше таптым.
- Материалдык абалыңыз турукташыптыр. Эми жеке жашоону жөнгө салууга убакыт келди го?
- Туура, жеке жашоо буга чейин жыйыштырылып турган. (Күлүп) Эми, буюрса, талапкерлердин тизмесин четинен карап баштайт окшойм. Буга чейинки тагдырымдан жакшы эле сабак алдым. Сүйүү үчүн далай жүрөгүм канады, ыйладым, оозум күйдү. Мага чындап күйгөн адам керек. Эгер ошондой адам табылса турмуш курууга макулмун. Жалгыз кызым да чоңоюп калды. “Апа, турмушка чыгып мага бөбөк төрөп берчи” деп жатат. Иним болсо сизге жүк артпай эле өзүм көтөрүп бакмакмын дейт. Менден мурда менин турмушка чыгуумду ал каалап жаткан кези.
- Кызыңыз жалгыз чоңоюп жатканы сиздин деле жүрөгүңүздү өйүсө керек?
- Албетте, ойлондурат. Дагы төрөп эне болсом дейм. Кызым жалгыз экенине карабай катуу тартипте эле кармайм. Өтө эркелетпейм. Сабагын жакшы окуусун талап кылам. Үй жумуштарына четинен көндүрүп келе жатам. Кокус үй чачылып калса ызылдатып жиберем.
- Инстаграм баракчаңызда Темирлан деген жигит менен түшкөн сүрөттөрүңүз көп. Досуңуз экенине көбү ишенбесе керек?
- Ой, ал досум! Менин Темирландан башка эркек досторум толтура. Өзүм эркек мүнөз болгондуктанбы, мырзалар менен достошкон жеңил. Алар атып, сатып, жонуңа бычак сайып кетпейт. Ишеним арта алам. Көбү сиз айткандай шек санай беришет. Бирок мен эч кимге эч нерсе далилдебейм. Темиш экөөбүздүн мүнөзүбүз келишет, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, кээде тытышып уруша да кетебиз. Эң негизгиси, мага чыккынчылык кылбайт. Менин жумушум чыгып калса өзүнүкүндөй чуркап бүтүрүп берет. Менин кыялымдагы мырза башкача. Ал да менден жакшы айымга татыктуу деп эсептейм.
- Бирок экөөңүздөргө сын айткандар менен урушуп жооп кайтаргандан тажабайсыз го…
- Мен бардык катталуучуларымды бирдей сыйлайм! Бирок оозум бар деп эле бир нерсенин аныгына жетип-жетпей эле сүйлөй бергендер да жок эмес. Ошолорго өздөрүнө жараша жооп кайтарам. Элдер ойлосо керек, алардын сынына мени тытынып жинденип жатат деп. Жок, мен күлүп-жайнап, каткырып отуруп жооп жазам.
Булак:NazarNews.kg