www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынын айтыш керек, учурдагы дүйнөдө орун алып жаткан кырдаалга абай салган кандай инсан болсун Владимир Путиндин лидерлиги менен Россия көп векторлуу, көзкарандысыз линияны карманып жатканын аңдабай койбойт. Анын көрөгөч, тайманбастыгы – АКШ жана НАТОнун дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулган максаттарына жол бербей тирешкен көп полярдуу саясат жүргүзүүнү жактаган көз карашынан жана Кытай, Индия, Иран, Түркия, Африка өлкөлөрү менен активдүү мамиле түзүүдөгү саясий багытынан байкалып турат.

Россия BRICSтин ичинде эң активдүү, маанилүү оюнчулардын бири катары аталган уюмду күчтөндүрүп, көптөгөн өлкөлөрдү Батышка альтернатива катары чогултуп жатат. Батыштагы сын-пикирлерге карабастан, глобалдык Түштүк (Latin America, Africa, Asia) Путинди АКШнын үстөмдүгүнө альтернатива катары көрөт.

Мындан сырткары, Путин Россияны дүйнөдөгү эң ири газ жана мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн бирине айланта алды. Натыйжада Европа өлкөлөрүнө энергия ресурсу аркылуу таасир бере ала турган оюнчуга айлантты. Буга Украина жаңжалынан улам энергия экспортун жаңы багыттарга – Кытай, Индия, Түркия, Африкага буруп, Батышты Россиянын арзан энергетикалык ресурстарынан кол жуудуруп, Европа өлкөлөрүндө инфляциянын өсүшүн шарттап, кымбатчылыкка тушуктурганы ачык айкын далил.

Мындан улам, Трамптын “Россия – кагаздагы жолборс” деген сөзү – Россиянын экономикасын АКШ, Батыш менен салыштырып, “реалдуу күчү жок” деген маанидеги үстүртөн бир жактуу айтылган ич күйдүлүк экени айкын көрүнүп турат. Буга негиз болчу факторлор арбын.

Саясий лексикада “кагаз жолборс” деп аскердик жактан реалдуу коркунучу жок өлкөлөрдү айтышат. Россия болсо кагаздагы жолборс эмес – бул стратегиялык коркунучтуу аскердик реалдуу күч экени талашсыз.

Алсак, Россия – дүйнөдөгү эң чоң аймакты ээлеген, жаратылыш ресурстарына өтө бай, өзөктүк куралга ээ өлкө. Анын өзөктүк күчү (аба, суу, жер аркылуу сокку уруучу күчтөр) АКШ менен тең ата десек аша чапкандык болбойт. Экономикалык жагынан алып караганда дагы, майышпаган кубаты бар экенин 2022-жылдан кийин киргизилген миңдеген Батыш санкцияларына моюн сунбаганы далил десек жарашат. Алсак, 2024-жылы МВФ жана Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Россиянын ИДПсы (ВВП) 3% тегерегинде өскөн. Бул – көптөгөн Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу жогорку көрсөткүч.

Ал эми геосаясий жагынан карасак, Россия өзүнүн геосаясий өңүттөгү максаттарынын көбүнө жетти. Крымды аннексиялап алды. Украинага Батыштын жүздөгөн миллиарддык жардамына карабастан, Россия чоң аймактарды көзөмөлдөп жатат.

Демек, бул фактылар Россия “кагаз жолборс” эмес, дүйнөлүк геосаясатта реалдуу оюнчу экенин тастыктайт. Андыктан, Трамптын «кагаз жолборс» деген билдирүүсү жөн гана саясий риторика десек болот. Реалдуу фактылар, көрсөткүчтөр жана таасирлер Россиянын «кагаз» эмес, «реалдуу жолборс» экенин көрсөтүп турат.

Ырасында, Владимир Владимирович Путин – заманбап дүйнөдөгү эң таасирдүү жана тажрыйбалуу лидерлердин бири экенин айгинелеп койду. Ал Россия Федерациясынын президенти катары гана эмес, дүйнөлүк геосаясаттын негизги оюнчусу катары да өзүн көрсөтө алды. Мындай бийиктикке ар ким эле чыга бербейт. Путин Жараткандан берилген өзгөчө касиет ыроологон сапаттын ээси болбосо, ийгиликке жетүүгө мүмкүн эместигин кошумчалап коюу абзел.

Чын-чынында саясатчы жана жөн гана адам катары Путиндин эң башкы сапаттарынын бири – узак мөөнөттүү стратегиялык ой жүгүртүү жөндөмү, туюму өзгөчө өнүккөн. Ал глобалдык процесстерди кеңири масштабда баалап, өлкөсү үчүн эң пайдалуу кадамдарды алдын ала пландап, ишке ашыра алат. Бул анын эл аралык аренада көптөгөн учурларда Батыш саясатчыларынан бир кадам алдыда болуусуна өбөлгө түзүп келет.

Анын дагы бир артыкчылыгы – тайманбас чечкиндүүлүгү. В.Путин коркпой, жоопкерчиликти толук өз мойнуна ала билген лидер. Тарыхый мааниси чоң чечимдерде да, ички саясатта да ал тайманбас мүнөзү менен айырмаланып келет. Бул сапаты элдин ишенимин арттырып, Россиядагы туруктуулуктун жана мамлекеттүүлүктүн сакталышына чоң салым кошту. Ошондой эле, Россиянын эгемендүүлүгүн, маданиятын, коопсуздугун жана салттарын коргоого багытталган саясатты жүргүзүү аркылуу, улуттук сыймыктын символуна айланды.

Анын мындай өзгөчөлүгү, эл аралык аренадагы дипломатиялык кадамдарынан да айкын көрүнүп турат. Ырасында, эл аралык кыйын кырдаалдарда Путин сабырдуу, дипломатиялык тең салмактуулукту сактай алган лидер катары, зарыл учурда мамлекетин коргоо үчүн катуу чараларды колдонууга да даяр экенин көргөздү.

Дүйнө Владимир Путинди – жөн гана күчтүү саясатчы эмес, стратегиялык акылы, чечкиндүүлүгү, сабырдуулугу жана мамлекетке берилгендиги менен айырмаланган инсан катары тааныды. Анын мыкты сапаттары бүгүнкү күндө Россиянын дүйнөлүк аренада өз алдынча жана таасирдүү оюнчу болуп калыптанышына чоң салым кошту.

Бүгүнкү күндө саясатчы катары гана эмес, адам катары да Путин көпчүлүк үчүн лидерлик үлгү бойдон калууда. Буга анын Россия Федерациясынын президенти болуп келген 2000-жылдан бери өз өлкөсү жана дүйнө саясатына олуттуу таасир эткен лидерлик сапаты, тышкы жана ички саясаттагы чечимдери көп талкууланып келе жатканы айкын мисал.

Гулжан Шерипбаева, NazarNews маалымат агенттигин башкы редактору

 

Последние новости