www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мезгил кимдин ким экенин көрсөтсө деле, маалымат жетпей калган жаңы муун аларды колдоп чыга берет тура. Мындай пикирди жарандык активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Ар дайым чындыкты айтсаң деле душман өзү эле чыга берет экен. Душманды издебейсиң. Коомдун укугу, улуттун кызыкчылыгы тепселенгенде үн катсаң, түшүнүгү тарлар пайда боло калышат...

Алардын дагы укугун жана кызыкчылыктарын коргоп жатканыңды түшүнүшпөйт.

Ошондуктан, чындыкты айтканың алардын кыялдарындагы жаңылыштуу иллюзияга дал келбегени үчүн эле кабылдай беришпейт.

Сен бир жолу айтып өтүп кетесиң.

Мезгил далилдегенде, анан алар мактаган кишилер каталарды кетире баштаганда дагы анчалык моюндай беришпейт. Кийин, жеке өздөрүнө жана жакындарына залакасы тийгенде гана ойгонушат.

Мезгил кимдин ким экенин көрсөтсө деле, маалымат жетпей калган жаңы муун аларды колдоп чыга берет тура.

Тарыхый адилеттүүлүк орноп, баары ордуна келгенде гана бул айлампа токтой түшөт же басаңдайт.

Тарыхый адилеттүүлүк, кудайым буюрса, орнойт жана ал көпчүлүк күтпөгөн жол менен ишке ашат.

Ага чейин театрга попкорндорду камдап алып гана көрүшүңүздөрдү сунуштайм. Нервди коротпой, ачууланбай. Ар бир фактты фиксациялап...

Албетте, сырткы душмандарды жана алардын арабыздагы коллаборационисттерин аныктап, улуттук кызыкчылыкка каршы саясаттарына бөгөт коюп, элди ойготуп...

Бизге жаркын келечекти ыраа көргөн Жараткан үчүн, эл үчүн, өлкөбүз үчүн, алтын доор үчүн!», - деп белгилеген Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости