www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Аскар Акаев Кыргызстаныбыздын талкаланышына жол ачкан неме. Бул тууралуу жарандык активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Аскар Акаев Кыргызстаныбыздын талкаланышына жол ачкан неме. Акыркы маектеринин биринде тегин жашырбай, ачык эле айтты. Ыраматылык патриот Насирдин Исанов жөн жерден киши колдуу болгон эмес.
«Кумтөр элге иштеши керек» деген бекем жана улуттук позицияда болгон. Бул позициясы Кумтөрдү талагысы келгендерге жаккан эмес. Бирштейн деген неме Акаевди тегеректеп жүргөн. Насирдин Исанов табышмактуу жол кырсыгына учураганда, Акаевдин санаалашы Бирштейн ошол бойдон Өзбекстан аркылуу качып кеткен.
Садыр Жапаров Кумтөр боюнча жазган китебинде Аскар Акаевдин көптөгөн кылмыштарын ачык жазып жүрдү эле. Эми бүгүнкү күндө кайра Садыр Жапаровдун тушунда Аскар Акаев Кумтөр боюнча кайра акталып отурат...
Эми суроо:
Биз Садыр Жапаровдун кайсы айтканына ишенишибиз керек?
«Аскар Акаев Кумтөр боюнча күнөөсү жок» деп актап бергенинеби же Кумтөр темасын катуу көтөрүп жүргөндө жазган китебиндеги «Аскар Акаевдин учурунда Кумтөр боюнча келишим элдин кызыкчылыгына туура келбегидей түрдө түзүлүп калган» дегениненби?
Факттарга карасак, китепте жазганы туура болууда.
Тилекке каршы, азыркы Садыр менен мурдагы Садырдын айырмасы абдан чоң!
Же, Садыр мурда эле азыркыдай болчу. Болгону, Кумтөр темасын өзүнө пайдаланып, элге өзүнүн азыркы жүзүн эмес, «Кумтөр үчүн күйгөн патриот» катары көрсөтө алган.
Кумтөр боюнча отчёт бериле элек.
Ким канча алтын чыгарып жатканы белгисиз... Ортодо убадалар эле бар... Анан, күнөөсү бар экени 100% факт болуп турган Аскар Акаевдин акталганы...
Бул эмнени каңкуулайт?», - деп суроо салган Исаков.
Булак: NazarNews.kg