www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экономиканы жакшы түшүнгөн, сунушун да бере билген Гүлжигит Исаков менен баарлашып, карантиндин кесепеттерин жоюунун жолдорун сүйлөштүк.

--Гүлжигит мырза, коронавирус Кыргызстандын жашоосун өзгөртөт. Эми карантинге чейинки  жана карантинден кийинки мезгил деп салыштыруулар менен сүйлөп калаарыбызды айрым эксперттер айта баштады. Карантинден кийин жашообуз кандай багытта өзгөрүшү мүмкүн? Өкмөт карантиндин кесепеттерин жоюу үчүн эмнелерди кылышы керек?

--Карантинден кийин элибиздин жашоосу кандай нукка өзгөрөөрү жалгыз Жаратканга гана маалым. Дүйнөдөгү акча ээлеринин кандай пландары болсо дагы, Жараткандын планы баарынан эң мыкты болоору шексиз. Биз, болгону, анча-мынча ачык жана тымызын маалыматтарга таянып, талдап, божомолубузду гана айта алабыз... Ар 10-15 жылда бир каржы кризиси болуп, анан каатчылыктан кийин экономиканы калыбына келтирүү аракеттери аркылуу дүйнө экономикасына багыт берип келишет. Быйылкы каатчылык, ансыз деле күтүлүп жаткан кризисти алдын алып, ансыз деле төрөлөйүн деп калган 9 айлык "бөбөктү" ийне сайып, бир канча күн мурда төрөтүп койгонго окшоп калды. Элдерди үйгө камагандан кийин валюталардын курстары өйдөлөп, ойноктоп, күйүүчү майлардын баалары төмөндөп, олку-солкудан запкы жегендер пикеттерге, митингдерге чыкпашы камсыздалды. Бир ок менен бир нече коён атылды. Чакан жана орто ишкерлик жапа чекти жана аларга компенсация карала элек. Атайын экономикалык программа жарыялана элек. Ситуативдик гана чаралар жарыяланып жатат. Ар бир кризистен мүмкүнчүлүк издөө жагын дагы карашыбыз керек. Эми, элибиз эле эмес, дүйнө эли дагы жашоодогу приоритеттерин дагы бир сыйра кайра карап чыгышса керек деген ойдомун. Ошенткендер алдыга жылышат. Биз, импорттун ордун толуктоого дагы бир сыйра муктаж экенибизди көрдүк. Импорттун ордун толуктап жатып, өндүрүштү өнүктүрө алабыз. Өндүрүш деген жаңы жумуш ордулары дегенди билдирет. Эмгек акысы боюнча өлкөбүзгө жасалып келген демпингге бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иммигранттар өтө аз маянага иштешип, жарандарыбыздын жумуш ордуларын тартып келишкен. Ошол орундарга азыр чет өлкөдөн кайтып келген өзүбүздүн жарандарыбыз иштеши керек. Мамлекет муну жөнгө салууга тийиш. Учурдагы бийликтин колунан эмне келгенин, эмне келбегенин даана көрдүк. Мындан ары, элибиз социалдык-экономикалык жактан, саясий жактан, мамлекеттүүлүк жагынан жыйынтык чыгарып, ошого жараша сабак алып, эртеңки чечимдеринде колдонушу абдан маанилүү. Мурдагы кризистерде чет өлкөлөрдөн ресурстарды алып туруу мүмкүнчүлүгү үзгүлтүккө учураган эмес эле. Азыр бул абал татаалдашты. Мигранттарыбыздан келген акчалар "экономикалык абийирибизди" жаап турчу, азыр бул жагдай дагы өзгөрдү. Демек, экономиканын түзүлүшүн кайрадан карап чыгып, так бир программа менен иштешибиз зарыл. Карантинден кийин экономиканы калыбына келтирүү жана кесепеттерди жоюу жылдын аягына чейин созулушу ыктымал. Эгерде компетенттүү кадрлар иштеп чыккан мыкты программа жарыяланбаса, кийинки жылга дагы созулуп кетиши мүмкүн. Ар бир үй-бүлө жуурканына жараша бутун созуп, мүмкүнчүлүктөргө жараша жашаганды үйрөнүшү керек. Мамлекетибиз жана элибиз ысырапкерчиликтен оолак болуп, азык-түлүк коопсуздугуна жана натуралдык экономикага дагы ыктап коюшу зарыл. Протекционизм биринчи планга чыгышы зарыл. Элибиздин көптөн бери кризистен башы чыкпай жашап келгени кризиске каршы иммунитетибиз иштелип чыкты деп айтууга негиз берет. Комфортко ашыкча көнүп алган өлкөлөргө кыйын болот. Ички ресурстарыбызды түгөлдөп, ага ээ болууга акыл-эс менен, ынтымак менен, чечкиндүүлүк менен барсак, адашпайбыз. Үмүттү үзбөйлү. Туура саясий чечим чыгаруунун үстүндө катуу иштешибиз керек. Мындан ары эч нерсе кечээкидей болбой турганын ар бир жараныбыз түшүнүшү керек...

--Өкмөттүн антикризистик программасынан эмнени күтөсүз? Коомдун кайсыл катмарына колдоо көрсөткөн программа болот деп ойлойсуз?

--Өкмөттүн антикризистик программасынан калктын аярлуу катмарына түз жардам берүүсүн күтөм. Статистика боюнча 2019-жылы 1,629 млн. жараныбыз жакырчылыкта жашаары айтылган. Абал оорлогондон бери жардамга муктаждар андан да көбөйдү. Социалдык жардамга муктаж болгондорду  дагы тизмеге кошуп, мамлекет болушунча кам көрүп, тийиштүү каражаттарды берип турушу керек. Айтайын дегеним, "муздаткычың бар экен", "эски болсо дагы унааң бар экен" деген сыяктуу болбогон себептер менен калктын аярлуу катмардагылар көп учурда социалдык жардамдарды  алалбай калат. Тагыраагы,  балдар үчүн берилчү жөлөк пулдарды ала алышпайт. Булардын катарына тышкы миграцияда жүрүп, жумушсуз калгандардын үй-бүлөлөрүн да кошсок болот. Бул катмар өлкөдөгү социалдык-экономикалык нааразычылыктарга кошула турган эң алгачкы катмар. Өлкөдө тынчтык болуусун кааласак, ушул жарандарыбызга биринчи көңүл бурушубуз керек. Өкмөт да эске алуусу зарыл.

Ошондой эле өкмөттүн антикризистик программасына КРнын ИДПсынын 40% жакын үлүшүн түзгөн чакан жана орто бизнесдин өкүлдөрүнө колдоо болушу керек деп ойлойм. Тагыраагы, илдеттен улам, эң чоң зыянды ушул тармактын ишкерлери тартышты. Алар мүмкүн болсо, салыктан 3 айдан 6 айга чейин  бошотулса жакшы болмок.  Бюджетке пландалган акчанын түшпөй калганын эле эске ала бербей чакан жана орто ишканалар зыянга учураса, экономикабызга тескери мультипликативдик эффектти берээрин дагы унутпашыбыз керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда "уйду саап, сүтүн ичип, санын көбөйткүбүз келсе, кайдан болсо дагы ыңгайлуу баада жем таап, аны сактап калышыбыз зарыл. Уйдун жеми жок, арыктап, жыгылып калса, сүттөн дагы жок, эттен дагы жок, уйдун санын дагы көбөйтүүдөн куру калабыз. Ошон үчүн баарын ачыкка чыгарып, белгилүү сандан жогору жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылган, жалпы эле ишканаларды санына жана деңгээлине жараша салыктык жеңилдетүүнү антикризистик программага киргизүү зарыл. Кошуна өлкөлөр чакан ишкерлерди 5 жыл салыктан бошоткон учурлары болууда. Өлкө экономикасына мындай салык саясаты орто жана узун мөөнөттө сөзсүз оң эффект берет.

Акчаны кайдан табабыз деген негизги суроого келгенде, туура саясатты жүргүзүү аркылуу ички ресурстардан тапсак болот. Ага саясий эрк гана керек. Эгерде ал азырынча мүмкүн болбосо, өкмөтүбүз жок дегенде бир бөлүгүн ички ресурстардан, бир бөлүгүн тышкы инвестицияларды тартуу менен чечсе болот. Бирок, ички ресурстарга таянуунун ордуна, улуттук кызыкчылыгыбызга туура келбей турган шартта сырттан инвестиция тартуу же карыз алуу бизди ого бетер сызга отургуза турганын эске алышыбыз керек. Системдик инвентаризация болмоюн, системаны түп тамырынан карап чыгып, аны оңдомоюн, жарым жартылай өзгөртүү киргизүү биз эңсеген жыйынтыкка алып барбайт. Тагыраагы, комплекстүү реформа зарыл.

-Ачыгын айтканда, өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат деген абалда турабыз. Мындай абалдан  чыгуунун жолу кайсылар?

--Өлкө экономикасынын расмий түрдө 30% көмүскөдө болсо, иш жүзүндө бул көрсөткүч 60-65% деңгээлине барып калат. Көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу жолу менен бюджетти толтурса болот. Ишмердүүлүгүн көмүскөдө алып барган ишкерлер деле кандайдыр бир деңгээлде чыгымды бирөөлөргө кетирип турат да (пара берип). Ага көз жумгандар бар. Аны билген салык төлөп иштеп жаткан ишкерлер деле атаандаштык түзө ала турган продукция өндүрө албай калсамчы деп көмүскөгө качат... Оюндун эрежелери баарына бирдей болсо, жөнгө салуу жеңилирээк болот. Көмүскөдөгү бизнестин деле, салык төлөп жаткан ишкерлердин деле "УШУНЧАДАН ЭЛЕ САЛЫК ТӨЛӨСӨК ЖАКШЫ БОЛМОК" деп болжогон бир ставкасы бар да. Өкмөт ошол "орток тилди" тапса, масштаб жагынан алып караганда утат. Бюджетти кыскартуу жагына барса болот. Анын эсебинен илдеттен улам ишкерлерди салыктан бошотсо болот. Мисалы, бир мектепти толук бүтүрбөй туруп, аны жарым-жартылай каржылап, анан башка мектептерди дагы ошондой жол менен салуу аракеттери болуп эле келет. Бул популизм жолу менен жасалган эффективдүүлүгү төмөн инвестиция. Тилекке каршы, убактылуу саясий упай үчүн экономиканын эрежелери эске алынбай келет. Натыйжада, бүтө элек мектеп кайра урай баштайт. Коротулган акча талаага кетет. Абалдан чыгуу үчүн мына ушундай сыяктуу чыгашаларды кыскартуу зарыл. Бир курулушту аягына чыгарбай туруп, экинчисин баштап алуу, натыйжада эки жакка тең акчанын сарпталып, бирок экөөнө тең аягына чейин акча жетпей, жөн эле тура бергенден көрө, бирөөнүн толук аягына чыгарып, ишке берип, анан экинчисин баштоо логикага дагы, бюджетибизге дагы ылайык. Ушул сыяктуу "өлүк инвестициялар" көп да. Өкмөттүн туризм боюнча ишкана ача койгону деле бул мисалдардын бири. Ишкерлерге жардам көрсөтүү үчүн каалоо болсо, каражат табылат.

--Карантинден кийин той-топур өткөрүүгө тыюу салынса, тойканадан пайда тапкандар, анда иштеп жанын баккандар, тойдо ырдап жансактагандардын абалы эмне болот?

--Муктаждыктан ашыкча кетирилген чыгымдар, ысырапкерчилик өлкө экономикасына жана элибизге жалпы жолунан тескери таасирин тийгизип келген. Жасалмалык үчүн, "эл көрсүн" үчүн, "душман көзүнө" деп туура эмес чыгашаларды жасап келдик. Насыя алып, карызга батып, ыдыраган үй-бүлөлөрдү көрүп жатабыз. Мамлекетибиз бул жагдайды кантип чечебиз деп башты оорутуп жатканда, дүйнөлүк илдет өз коррективасын киргизип койду. Тойканалар эртеби-кечпи, ачылат да. Коомдун талабына жараша, мүмкүнчүлүккө жараша, чакан тойлор, иш чаралар өтө бермекчи. Бул салтыбызда болуп келген. Болгону, ысырапкерчиликтен оолак болсок эле болду. Өзбек, уйгур туугандардан үнөмдүү той өткөрүү жагын үйрөнсөк болот. Чакан той өткөрүп, жакын туугандар менен баарлашкан, ынтымактарды бекемдеген түрдө иш чаралар өтө берсе деген тилегибиз бар. Кризис бул тармакта иш алып барган ишкерлерге эле эмес, көптөгөн ишкерлерге альтернативдүү тармактарда иш алып баруу муктаждыгын туудурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости